Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 8-декабры ПЖ № 353
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
25-сентябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту
деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 5-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 240 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |