Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-ноябры № 751
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
8-августундагы № 454 “Кыргыз Республикасынын
жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан
транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз
Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль
жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден
ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу
өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин
таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин
жана Кыргыз Республикасынын жалпы
пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана
бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү
жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү
жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын автотранспортун, курулуш машиналарын жана механизмдерин натыйжалуу пайдалануу, сугат суу менен камсыз кылуу, суу чарба объекттеринде өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 “Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:
– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын, ошондой эле анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3751) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |