Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 25-сессиясы

 

2024-жылдын 5-марты №25-10  Муркут айылы

Ай Тамга айылынын МТФ бөлүмүндөгү батыштан чыгышты карай кеткен экинчи көчөсүнө эмгектин ардагери маркум Маматов Калыктын ысмын коюу жөнүндө

Ай Тамга айылынын МТФ бөлүмүндөгү батыштан чыгышты карай кеткен экинчи көчөсүнүн жашоочуларынын арызын канааттандыруу максатында токтом кылат:

1.Ай Тамга айылынын МТФ бөлүмүндөгү батыштан чыгышты карай кеткен экинчи көчөсүнө эмгектин ардагери маркум Маматов Калыктын ысмы коюлсун.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тийиштүү документтерин тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Балтабаевке жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Бакировага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

З.Жороев