Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы №28-1 Муркут айылы
Ноокат райондук айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара салыктык базалык өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагындагы айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү жер адиси Д. Балтабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-глава, 34-беренесинин 2-пунктунун 4- пунктчасына ылайык айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагындагы Ноокат райондук айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара салыктык базалык өлчөмү К-10 дон 30 га чейинки коеффициент өлчөмүндө белгиленсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.