Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы №28-2 Муркут айылы
“Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин аймагындагы мекеме ишканалардын электр-энергиясына болгон лимитин бекитип берүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр-энергиясына болгон лимиттерин бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын 07. 05. 2024. №01-13/90 буйругуна негиз ФЭБ башчысы А. Тешебаеванын маалыматын угуп жана талкуулап КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр-энергиясына болгон лимиттери тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр-энергиясына болгон лимиттеринин сакталышын жана ашыкча пайдалануусуна жол бербөөнү көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Экономика, бюджет соода ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: З.Жороев