Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы №28-3 Муркут айылы
“Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин айыл аймагындагы айылдарда кароосуз калып кеткен социалдык обьектилерди айыл өкмөтү мекемесинин эсебине алуу жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагындагы айылдарда кароосуз калып кеткен социалдык обьектилерди (мончо, дүкөн, чайкана ж.б.) айыл өкмөтү мекемесинин эсебине алуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчы М. Тиленовдун маалыматы менен таанышып жана талкуулап , КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин аймагындагы айылдарда кароосуз калып кеткен социалдык обьектилерди, (мончо, дүкөн, чайкана ж.б.) айыл өкмөтү мекемесинин эсебине алуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын орун басары–жооптуу катчы М. Тиленовдун билдирүүсү жактырылсын.
2.Төөлөс айыл аймагындагы айылдар боюнча кароосуз калып кеткен имараттарды тактоо, аларды өткөрүп алуу боюнча жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
З.Жороев |