Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 24-майы №28-4 Муркут айылы
“Саиданур” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун каты тууралуу
“ Саиданур” ЖЧКасынын 21.05.2024. Чыг.№ 08-24 сандуу “Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин жайыт жерине тиешелүү “Көк-Көл” бөлүмүндөгү жер аянтынан “Сурьма” кенин изилдөө үчүн геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү каты тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчы М. Тиленовдун маалыматы менен таанышып жана талкуулап , КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.“Саиданур” ЖЧКасынын 21.05.2024. Чыг.№ 08-24 сандуу “Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин жайыт жерине тиешелүү “Көк-Көл” бөлүмүндөгү жер аянтынан “Сурьма” кенин изилдөө үчүн геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү катына макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы “Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин башчысы А. Эшматовко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ Айыл, суу чарба жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
З.Жороев |