Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 17-ноябры № 314
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" улуттук программасы жөнүндө
Медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, калктын саламаттыгын коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өз убагында жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" улуттук программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" улуттук программасынын индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
1) Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча милдеттүү чараларды кабыл алсын;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул Жарлык ишке тартылган мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" улуттук программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдет | Иш-аракет | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
Негизги стратегиялар | ||||||
§ 1. ЖКТО жана ЖЭО тобокелдигин стратификациялоо жана интеграцияланган алдын алуу стратегиясы | ||||||
1 | ЖКТО жана ЖЭО алдын алуунун жана тобокелдигин стратификациялоонун интеграцияланган программасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту түзүү | 1) улуттук координациялык борборду жана жумушчу топту түзүү | 2025-жылдын IV кварталы | Координациялык борбордун жана жумушчу топтун курамы жөнүндө ССМ буйругу бекитилди | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде |
2) ЖКТО жана ЖЭО тобокелдигинин негизги факторлору боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчет берүү механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026-жылдын II-IV кварталдары | Методикалык сунуштамалар жарыяланды | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
3) БМСЖ ишинин натыйжалуулугуна жана ЖКТО жана ЖЭО негизги тобокелдик факторлору боюнча калктын маалымдуулугуна базалык комплекстүү талдоо жүргүзүү | 2025-жылдын IV кварталы | Натыйжалар боюнча отчет | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
4) Кыргыз Республикасында ЖЭО тобокелдик факторлорун көзөмөлдөө боюнча эпидемиологиялык изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү | 2028-2029-жылдар | Сунуштамалар жана чечимдерди кабыл алуу үчүн аналитикалык сереп. Натыйжаларды илимий журналдарга жарыялоо | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
2 | Санариптик модулдарды колдонуу жана аларды интеграциялоо менен популяциялык жана жеке деңгээлдерде алдын алуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн топтомдорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 1) "САНАРИП MED" системасына интеграциялоо менен "Түндүк" платформасында "Өз ден соолугуңду текшер!" санарип модулун (Check-up - 8) иштеп чыгуу | 2026-жылдын II кварталы | Колдонуучу интерфейси жана "САНАРИП MED" аркылуу маалыматтарды алмашуу менен иштөөчү модуль | ССМ, "Түндүк" ААК, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар |
2) "САНАРИП MED" жана "Түндүк" ААК платформасы аркылуу синхрондоштуруу менен "Өз ден соолугуңду текшер!" мобилдик тиркемесине модулду интеграциялоо | 2026-жылдын II кварталы | Тиркемелер жаңыланды, маалыматтардын 90%ы "САНАРИП MED" менен синхрондоштурулду | ССМ, "Түндүк" ААК, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
3 | Медициналык кызматкерлер жана калк үчүн билим берүү жана маалыматтык программаларды киргизүү, коммуникациялык кампанияларды өткөрүү, өнөктөштүктү өнүктүрүү | 1) билим берүү материалдарын, методикалык окуу куралдарын, СОЖ иштеп чыгуу жана өнөктөштөрдү окутуу | Туруктуу негизде | Билим берүү материалдары, методикалык окуу куралдары, СОЖ иштелип чыкты жана билим берүү программаларына киргизилди | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар |
2) Улуттук маалыматтык-билим берүү кампаниясын ЖМКда жана социалдык тармактарда жана өнөктөштөр аркылуу өткөрүү | Туруктуу негизде | ≥ 100 басылма, жалпы камтуу ≥ 2 млн. адам | ССМ, РДЧМКБ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
3) тематикалык иш-чараларды (ден соолук марафондору, саламат шаарлар жана айылдар, ден соолук фестивалдары, ачык эшик күндөрү) уюштуруу | Туруктуу негизде | 10 окуя, катышуу ≥ 10000 адам | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
4 | Стратегиянын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү, башкаруучулук коштоо жана анын натыйжалуулугуна үзгүлтүксүз баалоо системасын уюштуруу | 1) "САНАРИП MED" маалыматтарды жүктөп алуу менен натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн - KPI индикаторлорун жана мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу (камтуу, натыйжалуулук, колдонуучулардын канааттануу көрсөткүчтөрү) | 2026-2027-жылдар | KPI-топтом бекитилди, "САНАРИП MED" API туташтырылды | ССМ, "Түндүк" ААК, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар |
2) "САНАРИП MED" аркылуу интеграциялоо менен программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтык панелдерди киргизүү | 2026-2027-жылдар | Процесстерди башкаруунун электрондук системасы киргизилди | ССМ, "Түндүк" ААК, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
3) жетишилген натыйжаларды баалоо жана стратегияны ишке ашырууну андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн маалыматтарга талдоо жана синтез жүргүзүү | 2027-2028-жылдар | Кеңешмелердин протоколдору, Пландын иш-чаралары оңдолду | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
5 | Дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо жана аларды колдонуу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу программаларынын алкагында ордун толтуруу механизмдерин өркүндөтүү | 1) дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо программаларынын алкагында калктын ар түрдүү социалдык категориялары үчүн дары каражаттарынын наркынын ордун толтуруунун дифференцияланган деңгээлинин методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-2027-жылдар | Калктын ар түрдүү социалдык категориялары үчүн дары каражаттарынын наркынын ордун толтуруунун дифференцияланган деңгээлинин методикасы бекитилди | ССМ, ММКФ, ФМ, ЭСКММ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен |
2) МКПга иш-чараларды киргизүү аркылуу туруктуу каржылоону камсыз кылуу | 2028-2030-жылдар | Көп тараптуу макулдашуулар түзүлдү, 2027-2030-жылдарга бюджеттик каражаттар каралды | ССМ, ММКФ, ФМ | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
3) жетишилген натыйжаларды баалоо жана стратегияны ишке ашырууну андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн маалыматтарга мониторинг жана талдоо жүргүзүү | 2030-жыл | Сунуштамалары менен аналитикалык отчет даярдалды | ССМ, ММКФ, ФМ, ЭКМ | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
6 | КИМ жана башка ЖКТО бар бейтаптарды реабилитациялоо жана медайымдык кароо программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү | 1) КИМ жана ЖКТО бар оорулууларды этаптык реабилитациялоонун стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жылдын IV кварталы - 2027-жылдын I кварталы | КИМ жана ЖКТО бар оорулууларды этаптык реабилитациялоо стандарттары иштелип чыкты | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар |
2) КИМ жана башка ЖКТО бар бейтаптар үчүн реабилитациялык кызматтардын жаңы заманбап түрлөрүн көрсөтүү боюнча КК/КП жана СОЖ иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жылдын IV кварталы - 2027-жылдын I кварталы | Реабилитациялык кызматтардын жаңы заманбап түрлөрүн көрсөтүү боюнча КК/КП жана СОЖ иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ, КММКДКЖИ, КММА, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
3) КИМ жана башка ЖКТО бар бейтаптарды медициналык реабилитациялоо боюнча врачтарга жана орто медициналык персоналга үзгүлтүксүз медициналык билим берүү жана квалификациясын жогорулатуу системасына окуу модулдарын иштеп чыгуу жана киргизүү, анын ичинде эрте реабилитациялоо жана телемедицина кызматтарын көрсөтүү | 2028-жылдын I кварталы | Үзгүлтүксүз медициналык билим берүү жана врачтар менен орто медициналык персоналдын квалификациясын жогорулатуу системасына окуу модулдары бекитилди | ССМ, КММКДКЖИ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
§ 2. БМСЖ деңгээлинде ЖКТО жана ЖЭО эрте диагностикалоо жана контролдоо стратегиясы | ||||||
7 | БМСЖ деңгээлинде ЖКТО жана ЖЭО эрте диагностикалоонун жана контролдоонун интеграцияланган программасын киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | 1) БМСЖ деңгээлинде ЖКТО жана ЖЭО эрте диагностикалоонун жана контролдоонун интеграцияланган программасын киргизүү боюнча жумушчу топтун курамын ССМ өкүлдөрүнүн, IT-адистердин жана финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен аныктоо | 2025-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы жөнүндө ССМ буйругу бекитилди | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде |
2) санариптик диагностика жана телемедицина чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаны талдоо, практикаларды жалпылоо, адаптациялоо, долбоордун методикалык документтерине тиешелүү ыкмаларды интеграциялоо | 2025-жылдын IV кварталы | Долбоордун методикалык документтерине киргизилген адаптацияланган практикалар жана интеграцияланган сунуштамалар менен санариптик диагностика жана телемедицина жаатындагы эл аралык тажрыйба боюнча аналитикалык отчет даярдалды | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
3) санариптик диагностиканы киргизүү боюнча методикалык сунуштамаларды, СОЖ, санариптик системада иштөө регламенттерин иштеп чыгуу | 2026-жылдын III кварталы | Методикалык сунуштамалар пакети жана СОЖ иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
4) санариптик платформаны долбоорлоодо жана киргизүүдө техникалык консультация берүү, техникалык талаптарды түзүүдө колдоо көрсөтүү, IТ-чечимдерди рецензиялоо, долбоорду ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо жана башкаруучулук чечимдерди иштеп чыгуу, техникалык жана уюштуруучулук тобокелдиктерди аныктоо жана минималдаштыруу | 2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын I кварталы | Техникалык консультация берүү кызматтары көрсөтүлдү, техникалык талаптар иштелип чыкты жана рецензияланды, IТ-чечимдер боюнча корутундулар даярдалды, тобокелдиктерди баалоо жүргүзүлдү жана аларды минималдаштыруу боюнча башкаруучулук сунуштамалар сунушталды | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
8 | ЖКТО жана ЖЭО эрте аныктоонун интеграцияланган улуттук системасын киргизүү | 1) иштеп жаткан системалар (анын ичинде "САНАРИП MED" жана телемедицина) менен шайкештигин, диагностикалык жабдуулар жана лабораториялар менен интеграцияланышын, ошондой эле шаблондорго, натыйжаларга жана электрондук медициналык картага жетүү мүмкүндүгү бар врачтар жана операторлор үчүн бирдиктүү интерфейсти камсыздоочу санариптик медициналык платформаны иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026-жылдын II-III кварталы | Иштеп жаткан системалар менен шайкеш келген жана процесстерди автоматташтырууну жана интеграциялоону камсыз кылган санариптик медициналык платформа үчүн техникалык тапшырма даярдалды | ССМ, "Түндүк" ААК, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар |
2) БМСЖ уюмдарынын IT жана медициналык инфраструктурасын комплекстүү баалоону жүргүзүү, анын ичинде техникалык даярдыкты, маалыматтык коопсуздукту, жабдуулар менен жабдылууну талдоо жана аныкталган тартыштыктарды четтетүүгө артыкчылык берүү менен модернизациялоо планын иштеп чыгуу | 2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын II кварталы | Санариптик чечимдерди киргизүүгө БМСЖ уюмдарынын инфраструктуралык жана техникалык даярдыгы боюнча отчет | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
3) үй-бүлөлүк врачтар жана үй-бүлөлүк медайымдар үчүн, ошондой эле ооруканага чейинки жана оорукана деңгээлдериндеги ЫЖК адистери үчүн бейтапты санариптик багыттоону эске алуу менен эрте диагностикалоо системасын пайдалануу боюнча СОЖ иштеп чыгуу жана бекитүү | 2025-жылдын IV кварталы | Бейтапты эрте диагностикалоо жана санариптик багыттоо системасы менен иштөө боюнча бекитилген СОЖ топтому | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
4) телемедицина кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүнү эске алуу менен 24/7 режиминде саламаттык сактоо уюмдарын техникалык тейлөө жана тиешелүү жабдуулар жана техникалык адистер менен камсыз кылуу системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026-жылдын I кварталы - 2030-жылдын IV кварталы | Саламаттык сактоо уюмдарын жыл бою техникалык тейлөө системасы киргизилди, анын ичинде зарыл жабдуулар жана техникалык адистер менен камсыз кылуу | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
9 | Аралыктан медициналык жардам көрсөтүүнүн формаларын кадрдык ресурстар менен камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде адистерди тартуу жана даярдоо, ошондой эле диагностика борборлорунун жаңы функцияларын эске алуу менен штаттык расписаниени оптималдаштыруу | 1) медициналык жардам көрсөтүүнүн аралыктан формаларына жана диагностика борборунун ишине тартылган кадрлардын зарыл санына жана кесиптик профилине талдоо жүргүзүү, адистерге жүктөмдүн нормативдерин аныктоо, ошондой эле санариптик жана телемедициналык функцияларды киргизүүнү эске алуу менен жаңы кызмат орундарын түзүү жана штаттык расписаниени оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын II кварталы | Медициналык жардам көрсөтүүнүн көлөмү кайра каралды жана бекитилди | ССМ, ММКФ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде |
2) санариптик инструменттер, платформалар менен иштөө жана аралыктан жардам көрсөтүү форматында иштөө үчүн медициналык жана техникалык адистерди окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу | 2026-жылдын II-III кварталы | Программа иштелип чыкты | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
3) телемедициналык жана санариптик багыттарга адистерди тартуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү, анын ичинде ийкемдүү эмгек шарттары, аралыктан иштөө режими, үстөктөр жана кесиптик өнүктүрүү, өзгөчө алыскы жана кадрлар тартыш аймактар үчүн | 2026-жылдын II-IV кварталы | ССМ буйругу кабыл алынды | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
4) санариптик багыттар жана диагностика борбору үчүн кадрдык резервди түзүү, жогорку окуу жайлар жана резидентура менен системалуу иштешүүнү камсыз кылуу, ошондой эле жаш адистерге насаатчылык жана колдоо көрсөтүү механизмдерин киргизүү | 2026-жылдын III кварталы - 2027-жылдын IV кварталы | Кадрдык резервди түзүү боюнча иш-чаралар планы | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
10 | Эрте диагностикалоонун борборлоштурулган системасынын клиникалык, уюштуруучулук жана экономикалык натыйжалуулугун баалоо үчүн көрсөткүчтөр системасын түзүү, стратегиянын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү, башкаруучулук коштоону жана үзгүлтүксүз баалоону уюштуруу | 1) эрте диагностикалоонун борборлоштурулган системасын колдонуу менен адистештирилген медициналык жардам кызматтарынын натыйжалуулугун жана сапатын баалоо критерийлеринин жана индикаторлорунун тизмегин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жылдын IV кварталы | Иштелип чыккан индикаторлордун негизинде адистештирилген жардамдын сапатын жана натыйжалуулугун баалоо боюнча методологиялык документ бекитилди | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар |
2) иш-чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, талдоо жана баалоо максатында санариптик чечимдерди колдонуу боюнча стратегиянын жооптуу аткаруучулары үчүн окутуу иш-чараларын өткөрүү | 2026-жылдын III-IV кварталы | Окутуу иш-чараларынын циклдери (семинарлар, тренингдер, вебинарлар) | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
3) санариптик аналитикалык инструменттерди колдонуу менен Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жана баалоону системалуу түрдө жүргүзүүнү камсыз кылуу жана натыйжаларды тиешелүү мамлекеттик органдарга берүү | 2026-жылдын II кварталы - 2030-жыл | Кварталдык аналитикалык отчеттор | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
11 | Системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, анын иштөө сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу | Үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу боюнча системанын туруктуулугунун жол картасын иштеп чыгуу, анын ичинде: масштабдоо этаптары, мамлекеттик программаларга интеграциялоо, кадрдык жана техникалык потенциалды өнүктүрүү, кошо каржылоо механизмдери же мамлекеттик кепилдиктер | 2026-жылдын I кварталы - 2027-жылдын I кварталы | ММКФ каржылоо механизмдерин жана мамлекеттик колдоону эске алуу менен системаны туруктуу өнүктүрүү жана каржылоо жол картасы бекитилди | ССМ, ММКФ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ, ММКФ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар |
§ 3. Дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу стратегиясы | ||||||
12 | "КИМ жана башка ЖКТО учурларында шашылыш медициналык жардам" программасынын жол картасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | ССМ, кардиологиялык жана неврологиялык кызматтардын ШМЖ өкүлдөрүнүн, IT-адистеринин жана финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен "КИМ жана башка ЖКТО учурларында шашылыш медициналык жардам" программасынын жол картасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын аныктоо | 2025-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү | ССМ, КРП ЫУӨ, ФМ, ССжМТӨБ, ММКФ, КММА, КММКДКЖИ, Ош МУ | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде |
13 | КИМ жана башка ЖКТО бар оорулууларга 24/7 режиминде өз убагында жана комплекстүү шашылыш медициналык жардамды уюштуруу | 1) КИМ жана башка ЖКТО учурларында ШМЖ этап-этабы менен киргизүүнүн жол картасын кайра карап чыгуу жана бекитүү | 2026-жылдын I-II кварталы | Жол картасы кайра каралды жана киргизилди | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар |
2) катетеризациялык лабораториялардын - КАТЛАБ ишин эске алуу менен стационардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын типтүү жоболорун кайра карап чыгуу жана бекитүү | 2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын II кварталы | Типтүү жоболор кайра каралды жана бекитилди | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
3) "КАТЛАБ" ишке киргизүү үчүн куруу-оңдоо иштери боюнча ТЭН иштеп чыгуу жана берүү | 2025-жылдын IV кварталы | "КАТЛАБ" техникалык-экономикалык негиздемеси берилди | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
4) "КАТЛАБ" каржылоо механизмдерин жана нормативдерин бекитүү | 2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын II кварталы | "КАТЛАБ" каржылоо механизмдери жана нормативдери бекитилди | ССМ, ММКФ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
5) кийин мониторинг жана баалоо жүргүзүү менен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда КИМ - ТКК учурунда шашылыш кардиологиялык жардам пилоттук долбоорун киргизүү | 2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын IV кварталы | Сунуштамалары менен аналитикалык отчет даярдалды | ССМ, ММКФ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ жана ММКФ бюджетинде тиешелүү жылга бюджетке каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттар | ||
6) алыскы айыл жана тоолуу региондор үчүн тромболитикалык дарылоону пайдалануу менен КИМ учурунда ШМЖ уюштуруу | 2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын IV кварталы | Сунуштамалары менен аналитикалык отчет даярдалды | ССМ, ММКФ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен | ||
7) КМИ жана башка ЖКТО менен ооругандарга маалыматтык технологияларды колдонуу менен 24/7 режиминде комплекстүү ШМЖ көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын техникалык тейлөө, тиешелүү жабдуулар жана техникалык адистер менен камсыздоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жылдын IV кварталы - 2027-жылдын IV кварталы | Техникалык тейлөө жана камсыздоо системасы боюнча ЧУА бекитилди | ССМ, облустук саламаттык сактоо координаторлору жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
8) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда пилоттоштуруунун натыйжаларынын негизинде "КАТЛАБ" тармагын түзүүнү эске алуу менен Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында КМИ де шашылыш кардиологиялык жардамдын заманбап моделин түзүү жана андан ары этап-этабы менен киргизүүнү камсыз кылуу | 2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын III-IV кварталы | Балыкчы, Талас жана Нарын шаарларында региондук "КАТЛАБ" жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр борборлору ачылды. Сунуштамалар менен аналитикалык отчет даярдалды | ССМ, ММКФ саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын координаторлору, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, донордук каражаттардын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун чегинде | ||
9) үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар, фельдшерлер жана ШМЖ адистери үчүн телемедицина кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүнү эске алуу менен үзгүлтүксүз медициналык билим берүү жана квалификациясын жогорулатуу системасына КМИ жана башка ЖКТО менен ооругандарга 24/7 режиминде комплекстүү ШМЖ көрсөтүү боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026-жылдын II кварталы | Окуу программалары бекитилди. Окуган үй-бүлөлүк дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медайымдардын жана башка адистердин саны жыл сайын 10%га көбөйдү | ССМ, КММКДКЖИ, КММА, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, донордук каражаттардын чегинде | ||
10) үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар, ошондой эле госпиталга чейинки жана госпиталдык деңгээлдеги шашылыш медициналык жардам бөлүмүнүн адистери үчүн телемедицина кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүнү эске алуу менен 24/7 режиминде КМИ жана башка жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга комплекстүү ШМЖ көрсөтүү боюнча СОЖ иштеп чыгуу жана бекитүү | 2027-жыл | Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар, ошондой эле шашылыш медициналык жардам бөлүмүнүн адистери үчүн СОЖ иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ, КММА, КММКДКЖИ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, донордук каражаттардын чегинде | ||
11) Бишкек жана Ош шаарларындагы жогорку технологиялык борборлордо жүрөктүн жана толтонун структуралык ооруларында жогорку технологиялуу эндоваскулярдык дарылоо методдорун киргизүү (TAVI, толтонун патологиясында стентграфтты имплантациялоо, митроклиптер ж.б.) | 2026-2029-жылдар | Гибриддик кардиохирургиялык блоктор түзүлдү | ССМ, ММКФ, ФМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, ММКФнын бюджетинин чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
12) телемедицина кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүнү эске алуу менен 24/7 режиминде КМИ жана башка жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга комплекстүү ШМЖ көрсөтүү боюнча КК/КПны кайра кароо жана бекитүү | 2026-жылдын I-II кварталы | КМИ жана башка ЖКТО комплекстүү ШМЖ көрсөтүү боюнча КК/КП кайра каралды жана бекитилди | ССМ, КММКДКЖИ, КММА, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, донордук каражаттардын чегинде | ||
13) Бишкек, Токмок, Баткен, Каракол, Жалал-Абад, Ош шаарларында региондук "КАТЛАБ" жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр борборлорун уюштуруу жана этап-этабы менен түзүү | 2026-жылдын IV кварталы - 2029-жылдын IV кварталы | Региондук "КАТЛАБ" жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр борборлорунун тармагы түзүлдү | СММ, ММКФ, КРП облустардагы ЫУӨ, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана облустардагы саламаттык сактоо координаторлору, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, ММКФнын бюджетинин чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
14) курч кармаган миокард инфаркты жана башка ЖКТО менен ооругандарга 24/7 режиминде комплекстүү ШМЖ көрсөтүү үчүн госпиталга чейинки жана госпиталдык деңгээлдеги ШМЖ бөлүмдөрүн зарыл болгон медициналык жабдуулар, дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен этап-этабы менен камсыздоо | Жыл сайын | Муктаждыктарды эске алуу менен борборлоштурулган, анын ичинде Жогорку технологиялар фонду боюнча сатып алуулар жүргүзүлдү | ССМ, "Кыргызфармация" МИ, ММКФ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, ММКФнын бюджетинин чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
15) бардык региондук жүрөк-кан тамыр борборлорунда интервенциялык аритмология боюнча заманбап технологияларды ишке киргизүү | 2028-2030-жылдар | Сунуштамалары бар аналитикалык отчетту берүү менен жогорку технологиялуу жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаттуулугу | ССМ, ММКФ, ФМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, ММКФнын бюджетинин чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
16) Бишкек шаарынын, Чүй облусунун мисалында региондук "КАТЛАБ" жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр борборлорунда алгачкы тери аркылуу кийлигишүү ST-сегментин көтөрүү менен КМИде шашылыш кардиологиялык жардам системасын киргизүү | 2030-жылдын IV кварталы | ST cегментин көтөрүү менен КМИ менен ооруган бардык бейтаптардын ичинен алгачкы ТКК 50%га жетишилди | ССМ, ММКФ, облустардагы саламаттык сактоо координаторлору жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, ММКФнын бюджетинин чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
17) өлкөнүн бардык облустарында КМИ жана башка ЖКТО боюнча ШМЖнын киргизилишине мониторинг жана талдоо жүргүзүү | Жыл сайын | Сунуштамалары менен аналитикалык отчеттор | ССМ, ММКФ, облустардагы саламаттык сактоо координаторлору жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, ММКФнын бюджетинин чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
18) телемедицина кызмат көрсөтүүлөрүн эске алуу менен врачтар, медайымдар жана фельдшерлер үчүн үзгүлтүксүз медициналык билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу системасына 24/7 режиминде КМИ жана башка ЖКТО менен ооругандарга комплекстүү ШМЖ көрсөтүү боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026-жылдын II-IV кварталы | Окуу программалары бекитилди. Окуган врачтардын, медайымдардын санын жыл сайын 10%га көтөрүү | ССМ, КММКДКЖИ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, донордук каражаттардын чегинде | ||
§ 4. Жогорку технологиялуу жардам стратегиясы | ||||||
14 | УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун (жогорку технологиялуу оорукана) заманбап моделин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 1) УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун (жогорку технологиялуу оорукана) заманбап моделин түзүү боюнча министрликтердин, IT-адистердин жана финансы-экономикалык түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын аныктоо | 2025-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү | ССМ, ФМ, ММКФ | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде |
2) УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун (жогорку технологиялуу оорукана) заманбап моделин түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иш регламентин, анын ичинде жыйналыштарынын графигин иштеп чыгуу, милдеттерди бөлүштүрүү | 2025-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин регламенти иштелип чыкты | ССМ, ФМ, ММКФ | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
15 | Заманбап жогорку технологиялуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу башкаруунун жана каржылоонун жаңы формаларын жана механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү | 1) "КМИ жана башка ЖКТО учурунда шашылыш жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүүнүн толук цикли" моделине жана кайтарымдуу инвестициялар принцибине негизделген заманбап алдынкы технологиялуу ооруканалардын өзгөчө статусу жөнүндө ЧУА иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жылдын I-II кварталы | Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун (жогорку технологиялуу оорукананын) өзгөчө статусу жөнүндө ЧУАлар кабыл алынды | ССМ, ФМ, ММКФ | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде |
2) ЖТФ каражаттарынын эсебинен медициналык жардам көрсөтүүнүн көлөмүн кайра кароо жана бекитүү | 2026-жылдын II-III кварталы | Медициналык жардам көрсөтүүнүн көлөмү кайра каралды жана бекитилди | ССМ, ФМ | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
3) жогорку технологияларды пайдалануу менен көрсөтүлүүчү адистештирилген медициналык жардамды каржылоо механизмин кайра кароо жана бекитүү | 2026-жылдын II-III кварталы | УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун (жогорку технологиялуу оорукананын) жогорку технологияларды пайдалануу менен көрсөтүлүүчү адистештирилген медициналык жардамды каржылоо механизми иштелип чыкты | ССМ, ММКФ, "Кыргызфармация" МИ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
4) УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун (жогорку технологиялуу оорукананын) региондук жүрөк-кан тамыр борборлорун координациялоо жана өз ара аракеттенүү боюнча уюштуруу механизмдерин иштеп чыгуу | 2026-жылдын I-II кварталы | УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун (жогорку технологиялуу оорукананын) региондук жүрөк-кан тамыр борборлорун координациялоо жана өз ара аракеттенүү боюнча уюштуруу механизмдери иштелип чыкты | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
5) "КМИ жана башка ЖКТО учурунда шашылыш жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүүнүн толук цикли" моделин ишке ашыруу үчүн "Кардиокоманда - HEART team" мультидисциплинардык командасын түзүү | 2026-жылдын I-II кварталы | "Кардиокоманда - HEART team" мультидисциплинардык командасы түзүлдү | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, донордук каражаттардын чегинде | ||
6) Курч коронардык синдром/курч кармаган миокард инфаркты учурунда кардиологиялык кызматты талдоо, болжолдоо жана пландаштыруу үчүн "Курч кармаган миокард инфаркты регистри" - бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү | 2026-жылдын IV кварталы | "Курч кармаган миокард инфаркты регистри" түзүлдү | ССМ, "Түндүк" ААК, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
7) жогорку технологияларды колдонуу менен адистештирилген медициналык жардам кызмат көрсөтүүлөрүнүн натыйжалуулугун жана сапатын баалоо критерийлеринин жана индикаторлорунун тизмегин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жылдын I-III кварталы | Баалоо критерийлеринин жана индикаторлорунун тизмеги иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
16 | УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борборунда (жогорку технологиялуу оорукана) ЖКТОну диагностикалоонун жана дарылоонун инновациялык жана жогорку технологиялуу методдорунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 1) УКТБнын негизги корпустарын жана бардык инженердик системаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо | 2025-жылдын IV кварталы - 2026-жылдын II кварталы | Борбордун бардык корпустары жаңыланып жана модернизацияланып, этап-этабы менен пайдаланууга берилди | ССМ, ФМ, Курулуш министрлиги, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен |
2) "КМИ жана башка ЖКТО учурунда шашылыш жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүүнүн толук цикли" моделине негизделген заманбап алдынкы технологиялар менен жабдылган заманбап гибриддик кардиохирургиялык блоктун курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү | 2026-жылдын I-III кварталы | Гибриддик кардиохирургиялык блок пайдаланууга берилди | ССМ, ФМ, Курулуш министрлиги, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
3) УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борборду (жогорку технологиялуу оорукананы) ЖКТО диагностикалоо, мониторинг жүргүзүү, интервенциялык жана инвазивдүү эмес дарылоо үчүн зарыл болгон заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу | 2026-жылдын I-IV кварталы | УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбор (жогорку технологиялуу оорукана) заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылды | ССМ, ФМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
17 | УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борборго (жогорку технологиялуу ооруканага) караштуу илимий-билим берүү жана өндүрүштүк борбор түзүү | 1) үзгүлтүксүз медициналык билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу системасына интеграциялоо менен жумуш ордунда окутуу үчүн заманбап жабдуулар, электрондук китепкана, симуляциялык борбор жана жүрөк-өпкө реанимация борбору менен жабдылган окуу-практикалык кабинеттери бар илимий-билим берүү өндүрүштүк борборун түзүү | 2026-жылдын II-IV кварталы | Илимий-билим берүү жана өндүрүштүк борбор түзүлдү | ССМ, КРСУ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен |
2) заманбап билим берүү ресурстарына жана эл аралык илимий маалымат базаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | 2026-жылдын II-IV кварталы | Заманбап билим берүү ресурстарына жана эл аралык илимий маалымат базаларына жеткиликтүүлүк камсыз кылынды | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, донордук каражаттардын чегинде | ||
3) рентгенэндоваскулярдык хирургия жана интервенциялык аритмология боюнча адистерди даярдоо үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2025-жылдын IV кварталы | Рентгенэндоваскулярдык хирургия жана интервенциялык аритмология боюнча адистерди даярдоо боюнча окуу программасы бекитилди | ССМ, КММА, КММКДКЖИ | Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде | ||
18 | УКТБ базасында кардиология жаатындагы алдынкы илимий кластердин заманбап моделин калыптандыруу | 1) эл аралык изилдөөлөргө, изилдөөлөрдү уюштурууга жана өткөрүүгө, изилдөөнүн заманбап методдорун өздөштүрүүгө жана чет өлкөлүк жаш окумуштуулар, профессорлор менен биргелешип иштөө боюнча тажрыйба жана билим алмашууга катышуу үчүн УКТБ базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун (жогорку технологиялуу оорукананын) базасында алдынкы илимий кластердин алкагында Эл аралык изилдөөчүлөр мектебин түзүү | 2025-жылдын IV кварталы | Жаш адистердин заманбап илимий кластери түзүлдү | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, донордук каражаттардын эсебинен |
2) персонификацияланган терапия үчүн кардиология жаатында фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн генетикалык илимий лабораторияны жана эксперттик референс лабораториясын түзүү | 2027-жылдын I кварталы | Генетикалык жана референс лаборатория пайдаланууга берилди | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, атайын эсептин, донордук каражаттардын чегинде | ||
19 | Эл аралык илимий жана медициналык тармакка интеграциялоо | 1) Кыргыз Республикасында Илимий медициналык мекемелердин консорциумун уюштуруу жана ЖКТО жана ЖЭО алдын алуунун жана дарылоонун интеграцияланган моделин иштеп чыгуу менен биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү | 2026-жылдын I кварталы | Илимий медициналык мекемелердин консорциуму уюштурулду | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын, донордук каражаттардын чегинде |
2) Төө-Ашуу (деңиз деңгээлинен 3200 м бийиктикте) бийик тоолуу стационарын капиталдык оңдоо, реконструкциялоо жана стационардын базасында эл аралык бийик тоолуу илимий-изилдөө жана реабилитациялык борборду түзүү, ошондой эле биргелешкен изилдөө программалары үчүн эл аралык платформаны уюштуруу, бийик тоолуу изилдөөлөрдү жүргүзүү жана эл аралык илимий тармакка интеграциялоо үчүн эл аралык илимий кластерди түзүү | 2026-жылдын II-III кварталы | Эл аралык бийик тоолуу илимий-изилдөө жана реабилитациялык борбору түзүлдү | ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ССМ бюджетинде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, атайын эсептин каражаттарынын, донордук каражаттардын эсебинен | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
КАТЛАБ | - | региондук жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр борбору/ангиография лабораториясы; |
КММА | - | И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы; |
КММКДКЖИ | - | С.Б.Данияров атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту; |
КРСУ | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университети; |
КК/КП | - | клиникалык колдонмолор/клиникалык протоколдор; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
Курулуш министрлиги | - | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги; |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду; |
РДЧМКБ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору; |
ССМТӨБ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору; |
Ош МУ | - | Ош мамлекеттик университети; |
МИ | - | мамлекеттик ишкана; |
ЖЭО | - | жугуштуу эмес оорулар; |
УКТБ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору; |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар; |
КМИ | - | курч кармаган миокард инфаркты; |
ААК | - | ачык акционердик коом; |
БМСЖ | - | баштапкы медициналык-санитардык жардам; |
СОЖ | - | стандарттык операциялык жол-жоболор; |
ЖКТО | - | жүрөк-кан тамыр оорулары; |
ТКК | - | тери аркылуу коронардык кийлигишүү; |
ШМЖ | - | шашылыш медициналык жардам; |
ЖТФ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду; |
МКП | - | Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы; |
KPI | - | Key Performance Indicators - натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү; |
API | - | Application Programming Interface - тиркеменин программалык интерфейси; |
IT | - | Information Technology - маалыматтык технологиялар; |
ТЭН | - | техникалык-экономикалык негиздеме; |
TAVI | - | толто клапанын транскатетердик имплантациялоо. |
|
| 3-тиркеме |
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" улуттук программасынын индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл (2025) | Аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу аткаруучулар | |||
2026-жыл | 2027-жыл | 2028-жыл | 2029-жыл | 5 жыл (2030) | ||||||
1 | Кыргыз Республикасынын калкынын орточо жашоо узактыгын 75 жашка чейин көбөйтүүнү камсыз кылуу | Төрөлгөн учурда күтүлүүчү орточо жашоо узактыгынын көрсөткүчү | Жыл | 72,1(2024) | 72,5 | 72,9 | 73,4 | 73,8 | 74 | ССМ |
2 | ЖКТО мезгилсиз өлүмдүн төмөндөшүн камсыз кылуу (ТӨМ 3.4 жетүүнүн алкагында) | 1) ЖКТО мезгилсиз өлүм деңгээли | 100000 калкка | 297,0 | 288,0 | 279,0 | 270,0 | 261,0 | 252,6 | ССМ |
2) ЖКТО өлүм көрсөткүчү (30-39/40-59 жаш) | 100000 калкка | 36,6/263,8 (2015) | 35,5/255,9 | 34,4/248 | 33,3/240,1 | 32,2/232,2 | 31,1/224,2 | ССМ | ||
3) КИМ өлүм көрсөткүчү (65 жашка чейин) | 100000 калкка | 11,9 (2015) | 11,6 | 11,3 | 11 | 10,6 | 10,1 | ССМ | ||
3 | ТӨМ 3.3 жетүүнүн алкагында алдын алууга мүмкүн болгон оруулардан майыптуулук көрсөткүчтөрүн (алгачкы жана жалпы) кыскартууну камсыз кылуу | Кан айлануу системасынын ооруларынын натыйжасында эмгекке жөндөмдүү курактагы биринчи жолу майып деп таанылган адамдардын санын төмөндөтүү | Эмгекке жөндөмдүү курактагы 100000 калкка | 6,4(2015) | 6,0 | 5,8 | 5,5 | 5,3 | 5,0 | ССМ |
4 | Жарандардын ден соолукту коргоого болгон өз укуктарын билүүсүн, ошондой эле өзүнүн ден соолугун жана айланасындагылардын ден соолугун сактоо үчүн жоопкерчиликти калыптандырууну камсыз кылуу менен калктын ден соолук маселелеринде сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу (ТӨМ 3.7 жетүүдө салым) | "САНАРИП МЕD" системасында "Өз ден соолугуңду текшер!" чекап модулу менен калкты камтуу | % | Маалыматтар жок | 10% | 20% | 30% | 50% | 70% | ССМ |
5 | Саламаттык сактоонун бүткүл системасында жана адамдын бүткүл өмүрүндө комплекстүү, интеграцияланган жана сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу (ТӨМ 3.8.1 жетүүдө салым) | 1) КИМ учурунда стационарда өлүмдүүлүк деңгээли | Стационар аркылуу өткөн КИМ бар бейтаптардын жалпы санынын % | 14,2(2015) | 13,2 | 12,5 | 11,9 | 11,2 | 10,5%дан көп эмес | ССМ |
2) биринчи ТААК менен камтылган оорулуулардын үлүшү | Стационар аркылуу өткөн КИМ бар бейтаптардын жалпы санынын % | Маалыматтар жок | 2 | 5 | 10 | 15 | 20%дан аз эмес | ССМ | ||
3) Кыргыз Республикасында иштеген флагмандык райондук ооруканалардын саны | Саны | Маалыматтар жок | 17 | 25 | 32 | 36 | 42 | ССМ, УКТБ | ||
4) саламаттык сактоо системасындагы бейтаптар үчүн өткөрүлгөн телемедициналык консультациялардын саны | Саны | Маалыматтар жок | 1000 | 3000 | 5000 | 7500 | 10000 | ССМ, УКТБ | ||
5) тромболитикалык терапия менен камтылган КИМ бар бейтаптардын үлүшү | Стационар аркылуу өткөн КИМ бар бейтаптардын жалпы санынын % | Маалыматтар жок | 5% | 9% | 14% | 18% | 20%дан аз эмес | ССМ, ММКФ | ||
6) жогорку технологиялык кийлигишүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү (КАГ, ТКК, РЖА, ЭКС) | Процедуралардын саны | 2000 | 3000 | 4000 | 6000 | 8000 | 10000 | ССМ | ||
7) региондук "КАТЛАБ" жүрөк-кан тамыр борборлорунун санын көбөйтүү | Саны | 4(2025) | 6 | 8 | 10 | 11 | 13 | ССМ | ||
6 | ТӨМ 3.8.1 жетишүүнүн алкагында артыкчылыктуу оорулар боюнча БМСЖнын кепилденген кызмат көрсөтүүлөрү менен калкты камтууну камсыздоо | 1) калктын жалпы санынан БМСЖ деңгээлинде АГ менен катталган бейтаптардын үлүшү | % | 4(2025) | 6 | 8 | 10 | 15 | 20 | ССМ, БМСЖ |
2) артериялык басымдын максаттуу деңгээли ≤ 140/90 мм. сым.мам. жеткен АГ менен пациенттердин салыштырма салмагы | % | 8,9 (2015) | 10,2 | 11,4 | 12,7 | 13,9 | 15 | ССМ, БМСЖ | ||
7 | ТӨМ 3.8.1 жетишүүнүн алкагында калкты жеткиликтүү баада сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерге жетишүүсүн камсыз кылуу | 1) МКП жана ММК боюнча дары-дармек менен жеңилдетилген камсыз кылуу программаларынын алкагында эл аралык патенттелбеген (генерикалык) аталыштар менен берилген дары-дармек каражаттарынын үлүшү | % | Маалымат жок | 20 | 30 | 50 | 65 | 80 | ССМ, ММКФ |
2) МКП жана ММК дары-дармек менен жеңилдетилген камсыз кылуу программалары боюнча орду толтурулуучу, ЖМДКТ тизмегиндеги дары-дармек каражаттарынын пайызы | % | Маалымат жок | 10 | 15 | 20 | 25 | 30 | ССМ | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
АГ | - | артериялык гипертензия; |
КАТЛАБ | - | региондук жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр борбору/ангиография лабораториясы; |
КАИ | - | коронардык ангиографиялык изилдөө; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду; |
УКТБ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору; |
КМИ | - | курч кармаган миокард инфаркты; |
БМСЖ | - | баштапкы медициналык-санитардык жардам; |
РЧА | - | радиожыштыктык аблация; |
ЖКТО | - | жүрөк-кан тамыр оорулары; |
ММК | - | милдеттүү медициналык камсыздоо; |
ТӨМ | - | туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары; |
ТКК | - | тери аркылуу кийлигишүү; |
ЭКС | - | электрокардиостимуляция. |