Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 3-декабры №2-1 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Үч-Бай орто мектебинин эски имаратын бала бакча багытына өзгөртүп берүү жөнүндө
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 3-декабрындагы №01-19/2265 сандуу катында көрсөтүлгөндөй “Үч-Бай” орто мектебинин курулушу бүтүп пайдаланууга берилгендиктен эски мектептин имаратын балдар бакчасынын долбоорун даярдоо максатында багытын өзгөртүп берүү боюнча сунушун карап чыгып, Т. Зулпуев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Үч-Бай айылындагы “Үч-Бай” орто мектебинин эски имаратын мектепке чейинки билим берүү мекемесине пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |