Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 314 Жарлыгына) |
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Киришүү
Калктын саламаттыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын эң жогорку артыкчылыгы жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Жарандардын саламаттыгын камсыз кылуу мамлекеттин гуманитардык жана социалдык милдети эле эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу катары да каралат.
Саламаттык сактоо системасын трансформациялоо, жүрөк-кан тамыр ооруларынын (мындан ары - ЖКО) жана башка жугуштуу эмес оорулардын (мындан ары - ЖЭО) жүгүнүн өсүшү, калктын улгайышы, сапаттуу медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүндө теңсиздиктин күчөшү, ошондой эле калктын жашоо образынын өзгөрүшүнүн шартында бейтаптарды алдын алууга, эрте диагностикалоого, натыйжалуу дарылоого жана реабилитациялоого багытталган заманбап, интеграцияланган, туруктуу жана бейтапка багытталган чечимдерди өнүктүрүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" улуттук программасы (мындан ары - Программа) төмөнкүлөргө багытталган көп компоненттүү комплекстүү программа катары иштелип чыккан:
- ЖКОнун жана ЖЭОнун жүгүн азайтуу;
- медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана бейтапка багытталгандыгын жогорулатуу;
- саламаттык сактоо системасынын алдын алуу багытын күчөтүү;
- коомдук саламаттык жаатындагы санариптик чечимдерди илгерилетүү;
- тармактын кадрдык, инфраструктуралык жана илимий потенциалын чыңдоо.
Программа саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү менен жалпы камтуу (Universal Health Coverage), бирдей мүмкүнчүлүк, санариптик инклюзивдүүлүк, илимий негиздүүлүк, клиникалык натыйжалуулук жана системалуу туруктуулук принциптерине таянат.
Кыргыз Республикасында ЖКО калктын өлүмүнүн башкы себеби болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - УСК) маалыматтары боюнча 2023-жылы өлүмдүн түзүмүндө ЖКОго өлүмдүн бардык учурларынын жарымынан көбү (52,3%) туура келген (1-сүрөт).
1-сүрөт. Кыргыз Республикасында өлүмдүн себептеринин түзүмү (%) (УСК, 2023)
Республика боюнча жыл сайын ЖКОдон орточо 20000ден ашуун адам, ал эми күн сайын - 60ка жакын адам каза болууда. Ошол эле учурда Covid-19 коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилинде (2020 жана 2021-жылдар) кан айлануу органдарынын ооруларынан өлүмдүн саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 21,6%га көбөйгөндүгү байкалгандыгын белгилей кетүү маанилүү жана бул Covid-19дан улам оорлошууларга жана өлүмдүн жогорку тобокелдигине байланыштуу болгон.
ЖКОдон өлүм негизинен жүрөктүн коронардык оорусу, анын ичинде курч миокард инфаркты, артериалдык гипертензия, жүрөктүн ритминин катуу бузулушу жана өнөкөт жүрөк жетишсиздиги менен шартталат. Мындан тышкары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (мындан ары - ДСУ) регионалдык бюросунун маалыматтары боюнча Кыргызстан Батыш Европанын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) көп өлкөлөрүнөн бир кыйла алдыда болуп, жүрөктүн коронардык оорусунан өлүм көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү алдынкы он өлкөгө кирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун (мындан ары - ЭСБ) маалыматтары боюнча 2020-жылы Кыргыз Республикасында жүрөктүн коронардык оорусунан өлүм 100 миң адамга 209,6 түзгөн, 2018-жылга салыштырмалуу 24,7%га өсүштү көрсөтөт.
Бул кырдаалда курч миокард инфаркты (мындан ары - КМИ) менен бейтаптардын көбөйүшү өзгөчө кооптонууну жаратууда. Атап айтканда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна (мындан ары - УКТБ) 2023-жылы шашылыш тез медициналык жардам линиясы боюнча 3114төн ашуун адам, анын ичинде КМИ менен бейтаптар да жаткырылган.
Кыргызстанда жүрөк оорусунан каза болгон оорулуу адамдардын саны көп болгон жагдай көңүл бурууну талап кылат, бул эмгекке жарамдуу курактагы, социалдык активдүү жашоо образындагы, чыгармачылыкка жөндөмдүү, жогорку интеллектуалдуу, иштин ар түрдүү чөйрөсүндө (өндүрүш, айыл чарбасы, бизнес, илим, маданият жана башка) иштеген адамдар. 2005-жылга салыштырмалуу 30-49 жаштагы бейтаптардын кан айлануу системасынын ооруларынан өлүмү орточо 20%га көбөйгөн. Бул проблеманын кесепеттери аргасыз абалга алып келиши мүмкүн - курч миокард инфарктынан, ритмдин катуу бузулушунан жана артериалдык гипертензиядан улам мезгилсиз өлүмдүн кесепетинен үй-бүлөсү багуучудан ажырайт, бул өз кезегинде кирешени жоготуудан улам чоң экономикалык жүктү алып келет. Негизги багуучулардын жана квалификациялуу кызматкерлердин мезгилсиз өлүмү үй-бүлөнүн кирешесине эле эмес, бүтүндөй өлкөнүн улуттук экономикасына да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Аталган ЖКО Кыргызстандын калкынын негизги өлүмүн эле аныктабастан, адамдардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн эрте жоготуунун жана майыптыкка алып келүүнүн себеби болуп да эсептелет. ЭСБнын маалыматтары боюнча Кыргызстанда чоңдор арасындагы биринчи майыптыктын себептеринин түзүмүндө ЖКО 20%ды түзөт, бул башка оорулар боюнча ушундай көрсөткүчтөрдөн бир кыйла жогору.
УКТБ кардиология, ички жана тоо медицинасы боюнча жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүчү башкы медициналык мекеме болуп эсептелет, ага медициналык тез жардам линиясы боюнча Бишкек шаарынан жана өлкөнүн бардык аймактарынан он миңдеген өтө оор жана оор абалдагы оорулуулар кайрылат. Алардын ичинен өзгөчө республиканын региондорунда жана тоолуу райондорунда мезгилсиз өлүм тобокелдиги жогору КМИ, ритмдин катуу бузулушу жана жүрөк жетишсиздиги менен ооругандар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Алар заманбап лабораториялык, функционалдык, эндоваскулярдык технологияларды колдонуу менен, өзгөчө пандемия мезгилинде жана башка мүмкүн болгон чакырууларда шашылыш адистештирилген медициналык жардамга муктаж. Алардын өмүрү буга көз каранды, алар дарылануу менен коомдун эмгекке жарамдуу жана пайдалуу мүчөсү боло алат.
Бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн муктаждыгына ылайык курч миокард инфаркты менен ооругандардын санына жараша жылына коронароангиографиянын 10000ден кем эмес процедурасы жана стенттөөнүн 5000ден кем эмес процедурасы жасалууга тийиш. Ошол эле учурда УКТБга эле жыл сайын жогорку технологиялык эндоваскулярдык кийлигишүүгө муктаж 3000ден ашык оорулуу келет. Азыркы учурда бюджеттик каражаттар менен жылына 30-40 гана бейтапты каржылоого мүмкүн (2021-жылдагы маалыматтар). Ал эми муктаждык бир нече эсе жогорулады.
Бул маселелерди чечпестен улуттук, региондук жана райондук ооруканалар өмүрүнө коркунуч туудурган оор абалдагы оорулууларга толук сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтө албайт жана тилекке каршы мындай оорулуулардын өлүмү көбөйөт.
Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаалды эске алып, он миңдеген оорулуунун өмүрүн сактоо максатында сунушталган Программа өзгөчө актуалдуулукка ээ, анын негизин туруктуу, бейтапка багытталган саламаттык сактоо модели түзөт, ал ЖКО жана ЖЭО менен бейтаптарды алдын алуу, эрте диагностикалоо жана натыйжалуу дарылоо жана реабилитациялоо принциптерине негизделген. Программа калктын өмүрүнүн узактыгын жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле жекелештирилген жардам көрсөтүү принциптери боюнча ЖКО жана ЖЭО менен ооругандардын өмүрүн сактоо маселелерин системалуу чечүү аркылуу социалдык-экономикалык жоготууларды азайтууга багытталган. Сегменттик ыкманын жана жарым-жартылай көңүл буруунун мурдагы көп жылдык тажрыйбасы натыйжасыз болгондугун белгилей кетүү зарыл.
Дал ушул ыкмада сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жана өлкөдөгү миңдеген бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болот.
Программа эпидемиологиялык маалыматтарды талдоого, саламаттык сактоо системасындагы актуалдуу чакырыктарга жана эл аралык тажрыйбага негизделген ырааттуу, илимий-негизделген жана инклюзивдик ыкманын алкагында иштелип чыккан.
Программа Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен УКТБ, ошондой эле алдынкы кардиологдордон, үй-бүлөлүк врачтардан, эпидемиологдордон, санариптик саламаттык сактоо жана менеджмент жаатындагы адистерден турган эксперттик топтор тарабынан иштелип чыккан. Процесске эл аралык уюмдардын (БУУ, Дүйнөлүк банк, Ага Хан фонду, JICA, ESC, ошондой эле анын модели негиз катары алынган В.А.Алмазов, Е.И.Чазов, А.Н.Бакулев атындагы улуттук медициналык изилдөө борборлорунун), академиялык коомчулуктун, кесиптик ассоциациялардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү тартылган.
Стратегиялык сессияларды жана эксперттик консультацияларды өткөрүү маанилүү этап болду, анын жүрүшүндө негизги артыкчылыктар, максаттар жана иш-аракеттердин багыттары аныкталган. Мурдагы мамлекеттик жана пилоттук программалардын (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө" программасы) натыйжалары эске алынган кайтарымдуу инвестициялар ыкмасын ишке киргизүү боюнча талдоо жүргүзүлгөн жана сунушталган чараларды ишке ашыруудан моделделген экономикалык натыйжалар эсептелген.
Региондук ажырымга, санариптик жеткиликтүүлүккө, жогорку технологиялык жардамдын тартыштыгына жана кадрдык дисбаланска өзгөчө көңүл бурулган. Дисциплиналар аралык ыкманын негизинде төрт негизги стратегия түзүлдү: алдын алуунун интеграцияланган модулу, эрте диагностикалоо, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты, жогорку технологиялык кластерди түзүү. Бул стратегиялар жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү боюнча улуттук программанын негизин түзгөн.
Программа Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн принципиалдуу жаңы көз карашын - жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес ооруларды алдын алууга, диагностикалоого жана контролдоого жөндөмдүү туруктуу, санариптик, бейтапка багытталган жана жогорку технологиялык системаны түзүүнү сунуштайт.
Келечекке болгон көз караш төмөнкү негизги принциптерге таянат:
- ЖКОго жана ЖЭОго интеграцияланган ыкма: алдын алууну, скринингди, баштапкы медициналык-санитардык жардамды (мындан ары - БМСЖ), адистештирилген жана жогорку технологиялык жардамды, ошондой эле социалдык колдоону саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринде бейтапты башкаруунун үзгүлтүксүздүгүн жана улануусун камсыз кылган бирдиктүү, санариптик маалыматтар менен башкарылган системага бириктирүү;
- санариптик трансформация: алдын алуудан жана эрте диагностикалоодон жогорку технологиялык дарылоого жана реабилитациялоого чейинки бейтаптын үзгүлтүксүз маршрутун камсыз кылган интеграцияланган санариптик экосистеманы куруу;
- адилеттүү жеткиликтүүлүк: жогорку сапаттагы медициналык жардамга жеткиликтүүлүктө географиялык жана социалдык теңсиздикти жоюу, айрыкча айылдарда жана тоолуу аймактарда;
- бейтапка багытталгандык жана камтуу: санариптик сервистер, билим берүү платформалары аркылуу чечим кабыл алуу процессинин активдүү катышуучусу катары бейтаптын ролун күчөтүү;
- илимий жана кадрдык трансформация: медициналык адистердин жаңы муунун даярдоо, эл аралык изилдөө жана билим берүү программаларына интеграциялоо, улуттук кардиология мектебинин жана алдын алуучу медицинанын потенциалын күчөтүү;
- экономикалык туруктуулук: саламаттык сактоонун чыгымдык моделинен оорулардын жүгүн азайтуу менен ден соолукка инвестиция моделине өтүү, калктын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана жашоо сапатын жакшыртуу;
- инновациялар жана өнөктөштүк: улуттук жана эл аралык өнөктөштүктөр аркылуу инновациялардын экосистемасын түзүү, алдынкы медициналык технологияларды ишке киргизүү.
2030-жылга карата Кыргызстан жашаган жерине жана кирешесинин деңгээлине карабастан ар бир адам сапаттуу медициналык жардамды алууга бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болгон, жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар дарыланган бойдон калбастан, алдын алынган жана ден соолук коом менен экономиканы өнүктүрүүнүн башкы ресурсу катары кабыл алынган өлкө болууга тийиш.
Жетектөөчү принциптер:
- системалык чечимдер - саясаттан практикага чейин саламаттык сактоонун бардык деңгээлдерин камтыган туруктуу, масштабдуу жана кайталануучу моделдерди түзүү. Узак мөөнөттүү натыйжаны камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды, стандарттарды, клиникалык колдонмолорду жана мониторинг жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу анын негизи болуп саналат;
- бейтапка багытталгандык - бардык иш-аракеттердин борборунда бейтап турат. Бейтап чечим кабыл алуу процессинин активдүү катышуучусу болгон сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө жеткиликтүүлүктү, сапатты жана жеке мамилени камсыз кылуу анын негизи болуп саналат;
- эл аралык долбоорлорго жана демилгелерге интеграциялоо - эл аралык тажрыйбаны, мыкты практиканы жана стандарттарды колдонуу Программанын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эл аралык демилгелерге катышуу өнөктөштүктү бекемдейт, билим алмашууга өбөлгө түзөт жана ресурстарга, инновацияларга мүмкүнчүлүктөрдү ачат;
- мультидисциплинардык ыкма - ар түрдүү багыттагы адистердин - кардиологдордун, кардиохирургдардын, рентгенэндоваскулярдык врачтардын, үй-бүлөлүк врачтардын, медайымдардын, эпидемиологдордун, фармакологдордун жана башкалардын командалык ишин талап кылган натыйжалуу саламаттык сактоо системасы. Мындай өз ара аракеттенүү бейтапты комплекстүү кароону камсыз кылат жана кийлигишүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат;
- мультисектордук - бул башка секторлордун - билим берүү, экономика, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, ЭСБ, жалпыга маалымдоо каражаттары, кесиптик жана жарандык коомчулуктун ж.б. катышуусу болбостон проблемаларды чечүүгө мүмкүн эмес. Күч-аракеттерди координациялоо ден соолуктун социалдык детерминанттарына таасир этүүгө жана туруктуу өзгөрүүлөргө жетүүгө мүмкүндүк берет;
- санариптик технологияларды колдонуу - башкаруунун, диагностиканын жана дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн электрондук медициналык системаларды, телемедицинаны, мобилдик колдонмолорду жана аналитикалык платформаларды ишке киргизүү. Санариптик чечимдер ачык-айкындуулукту, маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жана чечимдерди ыкчам кабыл алууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет;
- кайтарымдуу инвестициялар - алдын алууга, калктын ден соолугун чыңдоого салымдар узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык пайда алып келүүгө тийиш. Оорулардын жүгүн азайтуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу туруктуу өнүгүүгө жана миллиарддаган дарылоо чыгымдарын жана кошумча социалдык чыгымдарды азайтууга шарт түзөт (2-сүрөт).
2-сүрөт. Уюштуруунун жана чечимдердин потенциалдуу модели
Программанын долбоору улуттук деңгээлде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде эксперттик талкуудан өткөн, өлкөнүн саламаттык сактоо системасын туруктуу трансформациялоонун маанилүү бөлүгү катары мамлекеттик, илимий жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна ээ болгон.
2-глава. Кырдаалды жалпы талдоо
ЖКОдон улам болгон өлүмдүн жогорку көрсөткүчтөрү - 52,3% (2023-жыл). ЖКОдон өлүм учурлары негизинен жүрөктүн коронардык оорусу, анын ичинде КМИ, артериалдык гипертензия, жүрөктүн ритминин катуу бузулушу жана өнөкөт жүрөк жетишсиздиги менен шартталгандыгын белгилей кетүү зарыл. УСКнын маалыматтары боюнча 2020-жылы Кыргыз Республикасында жүрөктүн коронардык оорусунан каза болгондордун саны 100 миң кишиге 209,6 түзгөн, 2018-жылга салыштырмалуу 24,7%га олуттуу өсүштү көрсөтөт.
КМИ менен, оорусу оорлошкон жана өлүм коркунучу жогору өтө оор абалдагы бейтаптардын санынын көбөйүшү (2021-жылы 3500ден ашык адам), ошол эле учурда шашылыш диагностиканын жана дарылоонун зарыл болгон технологияларына жеткиликтүүлүктүн жоктугу.
Учурдагы жабдуулардын жаңыртылбаган паркынын эскириши. Заманбап жогорку технологиялык жабдууларга жана сапаттуу шашылыш терапия үчүн колдонуудагы аппараттарды жана приборлорду толук жаңыртууга болгон муктаждык.
Коронардык артерияларга инвазивдүү кийлигишүүлөр (анын ичинде коронароангиографиялык изилдөө, коронардык артерияларды стентөө, электрофизиологиялык изилдөө, радиожыштык абляциясы, электрокардиостимуляция) кирген шашылыш оорулууларды базалык дарылоо боюнча чыгымдарды жабуу үчүн жетишсиз каржылоо (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - ССМ) деңгээлинде КМИ боюнча эсептөөлөр реалдуу минималдык керектөөгө шайкеш келбейт), дал ушул себептерден оорулуулар каза болууда. Мисалы, 2024-жылга УКТБны бюджеттик каржылоо 376178200 сомду түзгөн, ал эми өмүрдү сактоочу терапияны камсыз кылуу үчүн эсептөөлөр боюнча бул бюджетке кошумча 400000000 сомдон ашык каражат талап кылынат.
Жүргүзүлгөн лабораториялык жана техникалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча УКТБнын негизги корпустарын капиталдык оңдоо зарылдыгы. Өрт жана авариялык коопсуздук маселелери өзгөчө тынчсызданууну жаратууда.
3-глава. Программанын максаты
Программанын негизги максаты Кыргыз Республикасында ЖКОдон жана ЖЭОдон мезгилсиз өлүмдү 25%га азайтуу жана социалдык-экономикалык жүктү жеңилдетүү болуп саналат.
Калктын бардык категориялары үчүн медициналык жардамды алуунун бирдей мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган алдын алуунун, эрте аныктоонун, дарылоонун жана реабилитациялоонун туруктуу, интеграцияланган, санариптик жана бейтапка багытталган системасын түзүү аркылуу максатка жетүү пландалууда.
4-глава. Негизги стратегиялар
ЖКОдо жана ЖЭОдо алдын алуу, диагностикалоо, дарылоо жана жогорку технологиялык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү негизги стратегиялар үй-бүлөлүк деңгээлде өзүн-өзү контролдоодон жана алдын алуудан улуттук борборлордо жогорку технологиялык жардам көрсөтүүгө чейинки медициналык жардам көрсөтүүнүн толук циклин камсыз кылган, Программага киргизилген өз ара байланышкан багыттардын комплексин билдирет.
Бардык стратегиялар Программанын иш-чаралар планына интеграцияланган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-2030-жылдарга "Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө" мамлекеттик программасынын экинчи этабы катары ишке ашырылат, ошондой эле "Курч миокард инфаркты боюнча кол картасы" (ДСУ), "ЖЭО" жана "МЕR" долбоорлору (Швейцария Өкмөтү), JICA, Ага Хан фондунун, Дүйнөлүк банктын, Алтын Альянстын, Кумтөрдүн жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн программалары сыяктуу эл аралык демилгелер жана долбоорлор менен байланышкан.
Ишке ашырууда УКТБны, региондук жогорку технологиялык жүрөк-кан тамыр борборлорун (КАТЛАБдарды) жана райондук "флагмандык" ооруканаларды түзүү жана заманбап жабдуулар менен жабдуу каралган, аларда жогорку кесипкөй адистер курч миокард инфаркты, башка ЖКО, ошондой эле инсульт менен бейтаптарга алдынкы инновациялык технологияларды жана эл аралык стандарттарды колдонуу менен медициналык жардамдын толук спектрин көрсөтөт.
Бардык стратегияларды ишке ашырууну координациялоо УКТБнын атынан ССМге жүктөлгөн, ал Программанын аткарылышын уюштуруучулук-методикалык жетектөөнү жана контролдоону камсыз кылат.
§ 1. ЖКО жана ЖЭО тобокелдигин стратификациялоо жана интеграцияланган алдын алуу стратегиясы
ЖКО жана ЖЭО тобокелдигин стратификациялоо жана интеграцияланган алдын алуу стратегиясы ден соолукту өзү контролдоонун санариптик технологияларын колдонууга негизделген, ооруларды баштапкы жана экинчи алдын алууну уюштурууга системалуу мамилени түшүндүрөт. Анын негизин "Өзүңдүн ден соолугуңду текшер!" (Ден соолуктун 8 параметри боюнча сheck-up) модулу түзөт, ал "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына интеграцияланууга тийиш.
Стратегиянын башкы максаты - калкта өзүн контролдоонун туруктуу практикасын калыптандыруу жана үй-бүлөнүн деңгээлинде тобокелдик факторлору жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, бул ден соолукка коркунучту өз убагында аныктоого жана өнөкөт оорулардын өнүгүшүн алдын алууга мүмкүндүк берет.
Максаттары: узак мөөнөттүү.
Максаттуу топтор: калк, айылдын ден соолук комитеттери (мындан ары - АДК), саламаттык сактоонун баштапкы звеносундагы медайымдар жана үй-бүлөлүк врачтар.
Индикаторлор: "Өзүңдүн ден соолугуңду текшер!" модулу менен check-up камтылган жана ден соолуктун 8 параметри боюнча өзүн баалоодон өткөн адамдардын саны (Sanarip базасынын маалыматтары боюнча).
Стратегиянын милдеттери:
- ЖКО жана ЖЭО тобокелдигин алдын алуу жана стратификациялоонун интеграцияланган программасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту түзүү;
- санариптик модулдарды жана алардын интеграцияларын колдонуу менен популяциялык жана жеке деңгээлде алдын алуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн пакеттерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- медициналык кызматкерлер жана калк үчүн билим берүүчү жана маалыматтык программаларды ишке киргизүү, коммуникациялык кампанияларды өткөрүү, өнөктөштүктү өнүктүрүү;
- стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, башкаруучулук коштоо жана үзгүлтүксүз баалоо системасын уюштуруу;
- жеңилдетилген дары менен камсыз кылуу программаларынын алкагында ордун толтуруу механизмдерин өркүндөтүү жана аларды пайдалануу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;
- КМИ жана башка ЖКО менен бейтаптарды реабилитациялоо жана аларга медайымдык кам көрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
§ 2. БМСЖнын деңгээлинде ЖКОну жана ЖЭОну эрте диагностикалоо жана контролдоо стратегиясы
БМСЖнын деңгээлинде ЖКОну жана ЖЭОну эрте диагностикалоо жана контролдоо стратегиясы - бул "CardioNet" санариптик модулуна негизделген, ооруларды эрте аныктоонун жана контролдоонун борборлоштурулган интеграцияланган системасын түзүүгө багытталган чаралардын комплекси.
Стратегия бейтаптын санариптик маршрутун уюштурууга жана калктын, айрыкча айылдагы жана тоолуу региондордун жашоочуларынын заманбап диагностикалык технологияларга жана медициналык жардамдын стандарттарына бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
Аны ишке ашыруунун алкагында заманбап жабдуулар жана санариптик навигация каражаттары менен жабдылган райондук "флагмандык" ооруканаларды түзүү, медициналык кадрларды даярдоо, ошондой эле ЖКО болгон учурларга өз убагында чара көрүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарын дары препараттары жана дарылоонун заманбап методдору менен камсыз кылуу каралууда.
Максаттары: орто мөөнөттүү.
Максаттуу топтор: медайымдар жана үй-бүлөлүк врачтар (саламаттык сактоонун баштапкы звеносу).
Индикаторлор: өз убагында баштапкы жардам көрсөтүлгөн эрте аныкталган КМИ жана жүрөк ритминин бузулушу менен бейтаптардын санынын көбөйүшү; адистештирилген жогорку технологиялык дарылоого жиберилген бейтаптардын санынын өсүшү; ЖКОну контролдоону жалпы жакшыртуу.
Стратегиянын милдеттери:
- БМСЖнын деңгээлинде ЖКОну жана ЖЭОну эрте диагностикалоонун жана контролдоонун интеграцияланган программасын ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү;
- ЖКОну жана ЖЭОну эрте аныктоонун интеграцияланган улуттук системасын ишке киргизүү;
- адистерди тартууну жана даярдоону кошкондо, медициналык жардам көрсөтүүнүн аралыктык формаларын кадрдык ресурстар менен камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле диагностикалоо борборлорунун жаңы функцияларын эске алуу менен штаттык расписаниени оптималдаштыруу;
- эрте диагностиканын борборлоштурулган системасынын клиникалык, уюштуруучулук жана экономикалык натыйжалуулугун баалоо үчүн көрсөткүчтөр системасын түзүү, мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу, башкаруучулук коштоо жана стратегияны ишке ашырууну үзгүлтүксүз баалоо;
- системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле иштөөсүнүн сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу.
§ 3. Дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу стратегиясы
ЖКОну дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу стратегиясы - бул облустук жана шаардык ооруканалардын базасында жогорку технологиялык жүрөк-кан тамыр борборлорун (КАТЛАБдарды) түзүү аркылуу адистештирилген медициналык жардамдын региондук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча багыт.
Стратегиянын методологиялык негизи КМИ боюнча эл аралык жол картасы (ДСУ), ошондой эле клиникалык колдонмолор жана протоколдор болуп саналат. Стратегияны ишке ашыруу курч миокард инфарктынын (КМИ) жана ЖЭОнун оор формаларында коронарографиянын, стенттөөнүн жана дарылоонун башка заманбап методдорунун кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
КАТЛАБдар "КМИ жана ЖКО менен шашылыш оорулууларды диагностикалоонун жана дарылоонун толук цикли" модели боюнча иштейт, бул жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, жогорку квалификациялуу адистердин кластерин түзүүгө жана саламаттык сактоо системасына инновациялык башкарууну жана медициналык практиканы киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Максаттары: орто мөөнөттүү.
Максаттуу топтор: врач-кардиологдор, реаниматологдор, рентгенэндоваскулярдык хирургдар, терапевттер жана үй-бүлөлүк врачтар.
Индикаторлор:
- тромболитикалык терапия жүргүзүлгөн КМИ менен бейтаптардын санын жогорулатуу;
- адистештирилген, жогорку технологиялык дарылоого жиберилген КМИ жана башка ЖКО менен бейтаптардын санынын өсүшү;
- жогорку технологиялык медициналык жардам (электрокардиостимуляторлорду орнотуу, радиожыштык абляциясы ж.б.) менен камтууну кеңейтүү;
- ЖКОдон улам болгон өлүмдүн көрсөткүчтөрүн азайтуу. Стратегиянын милдеттери:
- "КМИде жана башка ЖКОдо шашылыш медициналык жардам" программасынын жол картасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү;
- 24/7 режиминде КМИ жана башка ЖКО менен оорулууларга өз убагында жана комплекстүү шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу.
§ 4. ЖКОдо жогорку технологиялык жардам көрсөтүү стратегиясы
ЖКОдо жогорку технологиялык жардам көрсөтүү стратегиясы УКТБнын базасында курч миокард инфаркты, инсульт жана башка ЖКО учурунда "Шашылыш жогорку технологиялык медициналык жардамдын толук цикли" модели боюнча иштеген Улуттук кардиологиялык эксперттик борборду (жогорку технологиялык кластерди) түзүүгө багытталган. Методологиялык негизди эл аралык стандарттар, ДСУнун КМИ боюнча жол картасы жана клиникалык колдонмолор/протоколдор түзөт.
Борбор жогорку технологиялык заманбап оорукана болот жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жаңы муундагы кадрларды даярдоо жана инновациялык технологияларды иштеп чыгуу үчүн илимий-билим берүүнү жана өндүрүштүк комплексти;
- HeartTeam мультидисциплинардык команданы;
- кардиогенетикалык жана эксперттик референс-лабораторияларды;
- гибриддик кардиохирургияны, башкаруунун жана каржылоонун жаңы моделдерин;
- саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринде ЖКО менен бейтаптарды реабилитациялоо системасын.
Стратегия компетенциялардын жана инновациялардын улуттук борборун түзүүгө, жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө, эл аралык илимий-медициналык тармакка интеграциялоого жана ЖКОдон улам болгон өлүмдү азайтууга багытталган.
Максаттары: узак мөөнөттүү.
Максаттуу топтор: врач-кардиологдор, интервенциялык кардиология жана аритмология адистери, кардиохирургдар, функционалдык, нур жана лабораториялык диагностика адистери, врач-реабилитологдор.
Индикаторлор:
- тромболитикалык терапия, коронарография, стенттөө жана аорто-коронардык шунттоо алган КМИ менен бейтаптардын санынын өсүшү;
- жогорку технологиялык медициналык жардам алган бейтаптардын санын көбөйтүү (электрокардиостимуляторлорду орнотуу, радиожыштык абляциясы жана башка кийлигишүүлөр);
- КМИди жана ЖКОну реабилитациялоо боюнча окутуудан жана тренингдерден өткөн врачтардын жана медайымдардын санынын өсүшү;
- саламаттык сактоо уюмдарында реабилитациялоодон өткөн бейтаптардын жана реабилитациялоо кабинеттеринин саны;
- КМИ жана ЖКО оорулууларынын жашоо сапатын жакшыртуу жана контролдоо, өлүм көрсөткүчтөрүн азайтуу.
Стратегиянын милдеттери:
- УКТБнын базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун (жогорку технологиялар ооруканасы) заманбап моделин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү;
- заманбап жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу башкаруунун жана каржылоонун жаңы формаларын жана механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- УКТБнын базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордо ЖКОну диагностикалоонун жана дарылоонун инновациялык жана жогорку технологиялык методдорунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- Кардиология боюнча улуттук эксперттик борбордун алдында илимий-билим берүү жана өндүрүштүк борборду түзүү;
- УКТБнын базасында кардиология жаатында жетектөөчү илимий кластердин заманбап моделин түзүү;
- эл аралык илимий жана медициналык тармакка интеграциялоо.
5-глава. Күтүлгөн натыйжалар
Программаны ишке ашыруу калктын саламаттыгын сактоо жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү чөйрөсүндө төмөнкүдөй маанилүү натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет:
- 2030-жылга карата жашоонун орточо узактыгын 75 жашка чейин жогорулатуу;
- ЖКОдон улам болгон өлүмдүн санын 2030-жылга карата 25%га азайтуу;
- калк арасында артериялык гипертонияны контролдоо деңгээлин 20%га чейин жогорулатуу;
- оорулардын алдын алуунун жана өз убагында дарылоонун эсебинен майыптык көрсөткүчтөрүн (баштапкы жана жалпы) кыскартуу;
- ден соолуктун деңгээлин - калктын сабаттуулугун жогорулатуу, ошол эле учурда жарандар ден соолукту коргоо чөйрөсүндөгү өзүнүн укуктары жөнүндө кабардар болот, өздөрүнүн ден соолугун жана айланасындагылардын ден соолугун сактоо үчүн жеке жоопкерчиликти түшүнөт;
- адамдын бардык жашоо циклинде саламаттык сактоонун бүткүл системасында комплекстүү, интеграцияланган жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу;
- бардык калк үчүн артыкчылыктуу оорулар боюнча кепилденген БМСЖ кызмат көрсөтүүлөрүн берүү;
- калктын сапаттуу, натыйжалуу, коопсуз жана баасы боюнча жеткиликтүү болгон жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Программаны ишке ашыруу жагымдуу өбөлгөлөр, ошондой эле коюлган максаттарга жетүү үчүн таасир этүүгө жөндөмдүү потенциалдуу тобокелдиктер менен коштолот.
Потенциалдуу тобокелдиктерге жана коркунучтарга төмөнкүлөр кирет:
- чектелген финансылык ресурстар жана тышкы донордук каржылоодон көз карандылык;
- кадрдык ресурстардын тартыштыгы, өзгөчө региондордо;
- секторлор аралык координациянын жетишсиздиги;
- санариптик трансформация процессинде, ошондой эле жабдууларды жана дары каражаттарын жеткирүүнүн логистикасында мүмкүн болгон кечигүүлөр.
Позитивдүү өбөлгөлөр:
- эл аралык кызматташууну активдештирүү;
- заманбап санариптик технологияларга кызыгуунун өсүшү;
- калктын санариптик сабаттуулугунун жогорулашы;
- башкаруунун жана каржылоонун жаңы моделдеринин өнүгүшү. Аталган тобокелдиктерди натыйжалуу аныктоо жана башкаруу Программаны өзгөрүп жаткан шарттарга адаптациялоого жана анын туруктуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Программаны ишке ашыруунун алкагында 15 жылдык келечекте саясат чараларынын моделдештирилген пакеттери боюнча баалануучу кайтарымдуу инвестициялар (ROI) принцибинин негизинде талдоо жүргүзүү каралууда.
Талдоонун максаты инвестицияларды кайтаруу деңгээлин эсептөө аркылуу Программанын экономикалык натыйжалуулугун аныктоо болуп саналат.
Иш-чараларды ийгиликтүү жүргүзүү үчүн эл аралык өнөктөштөр жана донордук уюмдар менен биргеликте бюджеттик кош каржылоо каралган, ал төмөнкүлөргө багытталат:
- саламаттык сактоо объекттерин модернизациялоо жана оңдоо;
- заманбап жабдуулар менен жабдуу;
- УКТБнын потенциалын чыңдоо жана анын базасында Кардиология боюнча улуттук эксперттик борборду түзүү;
- региондордо региондук жогорку технологиялык жүрөк-кан тамыр кластерлеринин (КАТЛАБдарды) тармагын уюштуруу.
КМИ жана оор ЖКО менен бейтаптарды дарылоонун өмүрдү камсыз кылуучу эндоваскулярдык жана башка технологияларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн иш жүзүндөгү чыгымдардын негизинде жана бекитилген клиникалык протоколдорго жана эл аралык стандарттарга ылайык дарыланган учур үчүн эсептөөлөрдү кайра кароо пландалууда. Жогорку технологиялык чыгымдалуучу материалдарды каржылоо Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун жана ССМнын борборлоштурулган иш-чараларынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Мындан тышкары УКТБнын базасында аларга өзгөчө статус ыйгаруу менен алдынкы технологиялардын ооруканаларын түзүү аркылуу үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында заманбап жогорку технологиялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө багытталган башкаруунун жана каржылоонун жаңы формаларын жана механизмдерин ишке киргизүү болжолдонууда.
Программаны финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, эл аралык гранттардын, инвестициялардын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы ресурстарды тартуунун эсебинен жүргүзүлөт.
7-глава. Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо коюлган максаттарга жетүү үчүн анын натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун, ошондой эле өз убагында оңдоп-түзөө иш-чараларын камсыз кылууга багытталган.
Жооптуу аткаруучулар:
Мониторинг ССМ, ССМнын алдындагы Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору, УКТБ, ошондой эле башка саламаттык сактоо уюмдары тарабынан алардын компетенцияларынын чегинде жүргүзүлөт.
Баалоонун маанилүү багыттары:
- жеткиликтүүлүк жана кызмат көрсөтүүлөр (скрининг, дары менен камсыздоо) менен камтуу;
- медициналык жардамдын сапаты (бейтаптарды өз убагында жиберүү, кайрадан ооруканага жаткандардын санын азайтуу);
- санариптештирүү (саламаттык сактоо мекемелерин бирдиктүү системага интеграциялоо, санариптик модулдарды ишке киргизүү);
- кадрдык потенциал (адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу);
- финансылык натыйжалуулук (каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, инвестицияларды кайтаруу).
Отчеттуулук:
- кварталдык - мекемелик жана региондук деңгээлде;
- жыл сайын - улуттук деңгээлде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына отчет берүү менен;
- тышкы көз карандысыз баалоо - 2027 жана 2030-жылдарда.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жалпы натыйжалары төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
- учурдагы иш-чараларды оңдоп-түзөө;
- Программаны ишке ашыруунун кийинки этаптарын пландоо;
- ишке киргизилген санариптик чечимдердин, клиникалык протоколдордун жана башкаруу моделдеринин натыйжалуулугун баалоо.
8-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын жайылтуу жана натыйжаларды баалоо
Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары ачык болуп саналат жана белгиленген регламенттерге ылайык башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн мамлекеттик органдарга үзгүлтүксүз берилүүгө тийиш.
Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана бардык кызыкдар тараптарды тартуу максатында мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун маалыматтары ар кандай формаларда жайылтылат, анын ичинде:
- расмий отчеттор;
- маалыматтык бюллетендер;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына жарыялоо;
- Программаны маалыматтык коштоо боюнча иш-чаралардын алкагында чагылдыруу.
Мындай мамиле Программаны ишке ашырууда отчеттуулукту эле камсыз кылбастан, калктын, өнөктөштөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетишилген натыйжалар жана чакырыктар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.