Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-декабры №3-1 Атамерек айылы
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген “Россия колхозунун тарых музейинин” жылытуу системасын жаңылоо боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн “Россия колхозунун тарых музейинин” жылытуу системасын жаңылоо үчүн Мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесини 1-пунктуна негиз Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүнө караштуу “Россия колхозунун тарых музейинин” жылытуу системасын жаңылоо үчүн даяр долбоорго, мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджеттинин эсебинен өздүк салымга 340 000 (үч жүз кырк мин ) сом акча каражаты ажыратылсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |