Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-декабры №3-2 Атамерек айылы
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Атамерек айылындагы Б. Атишов атындагы орто мектебинин окуу корпусун ремонттоо боюнча долбоорго 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Атамерек айылындагы Б. Атишов атындагы орто мектебинин окуу корпусун ремонттоо пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Т. Зулпуев Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылындагы Б. Атишов орто мектебинин окуу корпусун ремонттоо даяр долбоорго мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 550 000 (беш жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |