Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-декабры №3-3 Атамерек айылы
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-2027- жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Маданият үйүн ремонттоо боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-2027-жылдарга социалдык – экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Маданият үйүн ремонттоо пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Маданият үйүн ремонттоо даяр долбоорго мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 2млн 290 487(эки миллион эки жүз токсон миң төрт жүз сексен жети) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |