Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-декабры №3-4 Атамерек айылы
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу калкты тейлөө борборун бир жылга акысыз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнө караштуу калкты тейлөө борборун ижарага берүү максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Маданият үйүнө караштуу калкты тейлөө борборун 2024-жылдын 9-декабрынан, 2025-жылдын 9-декабрына чейин бир жылга акысыз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алуу айыл өкмөт башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |