Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-декабры №3-8 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн административдик укук бузуулар боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык – процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126-буйругуна ылайык Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн административдик бузуулар боюнча комиссия курамы 7 кишиден түзүлүп, бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин Мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамынын төрагасы Орозов Сапарбайга милдеттендирилсин.
Төрага |
М.Бакиров |