Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-декабры №3-9 Атамерек айылы
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын аткарылышы 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндөгү 27-1 тотомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган айылдык бюджетинин тогуз айлык аткарылышынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүндө кээ бир салыктар ашыгы менен, кээ бир салыктар кем аткарылган, Ошондуктан аткарылбаган салыктарды кемитип жылдыруу үчүн тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу коммиссиясы тарбынан каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана 115-беренесин колго алып, 4-бөлүгүнүн негизинде Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин тогуз айлыктын аткарылышы боюнча, салык агенттигинен түшкөн кирешеден 476,4миң сом акча каражаты, лицензиядан түшкөн кирешеден 1120,0 миң сом, авто транспорт салыгынан 100,0 миң, айыл-чарбалык эмес максаттагы жерлер салыгы 16,0 миң сом, ашыкча түшкөндүктөн, планга кошумча киргизилсин.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн кошумча тушкөн 1712,4 мин сом акча каражатты №1 тиркеменин негизинде чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |