Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 1-декабры ПЖ № 343
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
айрым судьяларын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишин күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун иштеп жаткан айрым судьялары Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган калган мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго которулсун:
– Баткен облустук сотуна
Оторбаева Айзада Жумабековна – Баткен облусунун Баткен райондук сотунан;
– Жалал-Абад облустук сотуна
Мамбетов Элдияр Асантурович – Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунан;
– Ош облустук сотуна
Кадырова Гульназ Кубанычбековна – Ош облусунун Өзгөн райондук сотунан;
– Ош облусунун Ош шаардык сотуна
Иманбеков Бактыбек Орозбаевич – Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |