Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы №5-3 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн тургундарына турак жай куруу үчүн жер участокторунун өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин 2025-жылдын 17-январындагы №01-19/91чыгыш сандуу катына негиз Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн тургундарына турак-жай куруу үчүн жер участокторун өлчөмү сугат айдоо жер аянтынан 600,0 чарчы метр жана кайрак айдоо жерден 800,0 чарчы метр деп белгиленсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |