Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы №5-4 Атамерек айылы
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайытка баруучу мал жандыктарынын мал башына төлөнүүчү жайыт акысын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын” 10-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайытка баруучу малдарга төмөндөгүдөй өлчөмдөрү бекитилип берилсин.
1.Кара Мал сезонго -140 сом айына 20 сом
2.Жылкыга сезонго -140 сом айына 20 сом
3.Эчкилерге сезонго -140 сом айына 20 сом
4.Койлорго сезонго -84 сом айына 12 сом
2.Айыл аймагынан сырт жактан келген малдар үчүн үч эсселенген сумма болуп төмөндөгүдөй өлчөмдө акы төлөө бекитилсин.
1.Кара Мал сезонго - 420 сом айына 60 сом
2.Жылкыга сезонго - 420 сом айына 60 сом
3.Эчкилерге сезонго - 420 сом айына 60 сом
4.Койлорго сезонго - 252 сом айына 36 сом болуп бекитилсин.
3.Бекитилген өлчөмдөгү төлөмдөрдү жыйноо аны туура пайдалануу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жагы “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин адиси Арапов Азиреталиге милдеттендирилсин.
6.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин мекемесинин каржылоосуна калаары аныкталсын.
7.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
8.2025-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү, киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
9.Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык–экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
10.Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
М.Бакиров |