Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы №5-5 Атамерек айылы
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт ресуртарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин адиси А.Арапов мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн гектарына жайыт акысын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын” 3-1-беренесин 3-бөлүгүнө жана 6-беренесинин 5 бөлүгүнө негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши токтом кылат:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга убактылуу пайдаланууга төмөндөгүдөй өлчөмдө жайыт акы төлөө өлчөмдөрү бекитип берилсин.
2. Бак дарактар гектарына бир жылына жайыт акысы 1500 сом Чөп чабынды жер бир гектарына бир жылга жайыт акысы 2500 сомдон 3000 сом болуп бекитилип берилсин. Бекитилген өлчөмдөгү төлөмдөрдү жыйноо аны туура пайдалануу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жагы “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин адиси Арапов Азиреталиге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге тапшырылсын
Төрага |
М.Бакиров |