Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы №5-7 Атамерек айылы
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагынын элинин ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев аатындагы айыл аймагынын айыл элинин жалпы элдик чогулушунда кабыл алган ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Ички жайытка мал көчүү 10-апрелден 15-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 20-майынан 5-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-сентябрдан эрте эмес мөөнөтү белгиленсин. Малчылар жана чабандар мал жандыктарын жайытына карап, ченем менен алуусу милдеттендирилсин.
2. 2025-жылдын 10-апрелден баштап дыйкандардын үлүш жерлерине кароолдорду уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин.
3. Кароолдорду уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн.
4. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагында 2025-жылдын 10-апрелинен баштап бада уюштурулсун.
5. Ички жайыттагы сарай ээлерине 1 ат 1-2чейин саан уй, 10 кой-эчкиден мал алып калууга уруксат берилсин.
6. 2025-жылдын 10-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине кароол уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлери короосундагы малга көзөмөлдү күчөтсүн.
7. Камакка түшкөн мал жандыктарга жылкы - кара малга 1000(миң) сом, кой-эчкилерге 500 (беш жүз) сомдон айып пул салынсын.
8. Айыл тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып алган, жайыттарга көчүрүү, конуу эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузган жарандарга Кыргыз Республиксынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинде көрсөтүлгөн тартибине ылайык жоопко тартылаары эскертилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы, “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин адиси А. Араповго жана айыл өкмөтүнүн алдындагы бузуулар жөнүндөгү комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
М.Бакиров |