Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы №5-8 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл аймагындагы логистикалык боборду ижарага берүү жөнүндөгү жобону бекитип берүү
“Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги логистикалык борборду сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин” Айбек айылындагы АРИС тарабынан курулган логистикалык борборду айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансына алуу, логистикалык борборду ижарага берүү боюнча Жобосун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |