Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы №5-10 Атамерек айылы
Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилгенайыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижарасалыгынын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ Айыл чарбасына жарактуу жерлерин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрлөрдү киргизүү тууралуу 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругунун негизинде бекитилген Жобонун 9- пунктунда айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине, Ижара акысынын өлчөмүн төмөнкү формуланын негизинде Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Т.Зулпуев айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун
жерлерине, Ижара акысынын өлчөмүн өлчөмү төмөнкү формуланын негизинде белгиленсин.
ИА¹ = Нз × К, мында
ИА¹ - 1 га жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын суммасы;
Nz - жер салыгынын салык ставкасы;
К - барабар коэффициент
30-чындыгында сугарылган жер
20-жерди сугаруу кыйын;
10-сугарунуунун жоктугу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ош облусунун Ноокат районундагы сугат айдоо жерлерин эсептөө:
"AP¹= 413 × 30 коэффициент=12390 сом
"AP¹= 413 × 20 коэффициент=8260 сом
"AP¹= 413 × 10 коэффициент=4130 сом
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ош облусунун Ноокат районундагы кайрак айдоо жерлерин эсептөө:
"AP¹= 62,30 × 30 коэффициент = 1870 сом I категория
"AP¹= 62,30× 20 коэффициент = 1250 сом II категория
"AP¹= 62,30 × 10 коэффициент = 623 сом III категория
2.Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
М.Бакиров |