Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын
бекитүү жөнүндө.
2024-жылдын 24-Декабры №2-8
С.Юсупова айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсү угулуп, айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1 С. Юсупова айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1- тиркеме тиркелет.)
2. Айыл өкмөтүнө айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставы негизинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3.Айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын тийиштүү юстициялык мекемелерден катоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага М.И.Мамитов