Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 21
Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын
уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 21-беренесинин, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттардын Типтүү Уставынын, 2025-жылдын 14-январындагы Миң-Булак айыл аймагынын тургундарынын коомдук угууларынын протоколунун негизинде, айылдык Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып жана Миң-Булак айыл аймагынын туруктуу комисиясынын төрагасы Б.К.Саркуловдун маалыматын талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |