Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 6-1 Атамерек айылы
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын эсептик счетундагы калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыгы боюнча Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-мартында өткөрүлгөн сессиясында каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27 статьясынын 5 пунктуна ылайык, Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин 11 509 500 миң сом калдык акча каражатын айыл өкмөтүнүн айылдарына, мектеп, бала-бакчаларына ажыратылсын. (тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн эсептик счетунда калган калдыкты каржылануусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн Фининсы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Аблакимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |