Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 19-сентябры № 1006-т
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 545-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын капитал рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планында (жол картасында):
– 2.1-пунктта:
1, 2, 5 жана 7-пунктчаларда “СӨМ” деген аббревиатура алып салынсын;
3, 4-пунктчалар “мамлекеттик органдар” деген сөздөрдөн кийин “, СӨИТМди кошпогондо” деген сөздөр менен толукталсын;
– кыскартуулардын тизмесинин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“СӨИТМ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев
|