Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы № 8/IV–2
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025 – жылга бюджетин бекитүү жана 2026 – 2027 - жылдарга болгон болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” негизинде, ошондой эле Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылга бюджетинин долбоорун, 2026-2027-жылдарга бюджетинин болжолун карап чыгып, талкуулап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар 78269,1 миң сом менен бекитилсин. Анын ичинен атайын эсеп 6000,0 миң сомду түзөт.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2026-2027-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу бекитилсин:
1) 2026-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол – 85344,8 миң сом, 2027-жылга – 94262,9 миң сом суммасында;
2) 2026-2027-жылдарга бекитилген шаардык бюджеттин болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алынганда тактоого жатат. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү жана 2026-2027-жылдарга болжолу булактардан түшкөн кирешелерден түзүлөөрү белгиленсин.
3. 2025-жылга Кайыңды шаарынын мэриясына караштуу «Кайыңды Сервис» МИнын киреше жана чыгаша бөлүгү 12,888 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Кайыңды шаарынын 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы жана 2026-2027-жылдарга болжолу бекитилсин.
5. 2025-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында биринчи кезекте чыгашаларды каржылоо корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүү, тамак-аш, калкка социалдык жардам көрсөтүү жана коммуналдык кызматтар) боюнча жүргүзүлөт.
1) Бюджеттик мекемелердин штаттык кызматкерлеринин бош орундарына жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу чыгашалардын корголгон беренелери кыскартылышы мүмкүн.
2) 2024-жылы аз каржыланган чыгашалар 2025-жылдын бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жана чегинде төлөнөөрү белгиленсин.
3) Аксакалдар сотунун 5 мүчөсүнө эсептешүү боюнча келишимдик негизде 3000 сом төлөм белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кайыңды шаарынын мэринин жергиликтүү каражаттардын эсебинен аппараттардын кызматкерлерине , өз алдынча бөлүмдөрдүн жана башка мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маянасын жана үстөк акыларын белгилөө укугу сакталсын.
7. Бюджеттик мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине беш күндүк мөөнөттө бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасын камсыз кылуу жана бөлүнгөн каражаттардын чегинде максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
8. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |