Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 6-2 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл аймагынын Өсөр айылындагы К. Бобулов атындагы мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн Ош областык өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү максатында
Т. Зулпуев айыл аймагынын Өсөр айылындагы К. Бобулов атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн Ош областык өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү үчүн кезектеги сессиясында карап чыгып Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуев айыл аймагынын Өсөр айылындагы К. Бобулов атындагы мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Т.Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мекемесинин башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Бакиров |