Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 6-3 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл аймагынын турак жай имараттары үчүн салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө
Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 27-февралындагы №01-19/404 сандуу катына негиз Т. Зулпуев айыл аймагындагы турак жай имараттары үчүн салыктын ставкасын бекитүү жөнүндөгү сунушун кезектеги сессияда карап чыгып талкуулап, Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн турак жай имараттарына мүлк салыгын ставкасы Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын сунушталган орточо ставкага негиз, 1м2 аянтка 12,66сом бекитилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтом Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Бакиров |