Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы № 9/IV–3
Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2024 – жылдын бош калдыктарын колдонуу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндөгү каражаттардын пландан ашыкча тушүүсүн эске алуу менен, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылынын бюджетинин бош калдыктарын 17638,9 миң сом өлчөмүндө төмөнкү иш-чараларды каржылоого пайдаланууга уруксат берилсин:
- 9228,7 миң сом келишимдин негизинде аткарылган жана аткарылып жаткан иштер үчүн акы төлөө үчүн.
-8410,2 миң сом “Улыбка” бала бакчасынын капиталдык ремонту 3111- берене боюнча курулуш конструкциясы.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024 – жылдын бюджетинин атайын эсебинин калган калдыктарын 686,5 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү иш-чараларды каржылоого пайдаланууга уруксат берилсин:
а) Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы ММБ бөлүмүнө - 227,6 миң сомду түзөт анын ичинен:
-2222-беренеге - 17,6 миң сом “учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу”.
-210 миң сом 2224 - беренеге көмүр сатып алуу
б)Балдар бакчасы бөлүмүнө баардыгы - 458,9 миң сом, анын ичинен:
-2222-беренеге - 228,3 миң сом “учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу.
-2218-беренеге - 230,6 миң сом азык-түлүк товарларын сатып алууга
3. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |