Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы № 10/IV–4
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн балансына жер участоктору менен кыймылсыз мүлктөрдү алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жана Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн балансына жер участоктору менен кыймылсыз мүлктөрдү алуу жөнүндө” катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн балансына төмөнкү объекттер кабыл алынсын:
- Кайыңды шаарынын, Трудовая № 1 көчөсүндө 30542 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан, баланстык баасы 403071,0 (төрт жүз үч миллион жетимиш бир миң) миң сом болгон автобазасы.
- Кайыңды шаарынын 60 лет Октября № 5 көчөсүндө жайгашкан, колдонууга жарамдуу 11962,0 чарчы метр болгон, 34123,8 чарчы метр болгон жер тилкесинде жайгашкан, баланстык баасы 650082,8 (алты жүз элүү миллион сексен эки миң сегиз жүз кырк) миң сом болгон дан кабыл алуу пунктун.
2. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |