Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 6-5 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кыркол Таза суу” муниципалдык ишканасынын таза суу, тазалык боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
2023-жылдын 29-декабрь Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №735 токтому жана убактылуу жобосунун негизинде Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кыркол Таза суу” муниципалдык ишканасынын таза суу, тазалык боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү 2025-жылдын 7-мартындагы чыгыш №8 сандуу катын кезектеги сессияда карап, талкуулап Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси токтом кылат:
1. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кыркол Таза суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза сууга айына 240 (эки жүз кырк) сомүйдүн ичинен колдонгондор үчүн, 160 (бир жүз алтымыш)сом көчөдөн суу эсептегич (счетчик) менен колдонгондорго 40 (кырк)сом жана таштандыларды алып чыгуу үчүн кабына 25 (жыйырма беш) сомдон тарифи бекитилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |