Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 6-6 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Өсөр айылындагы Мырзаматов көчөсүнүн Мечитке тиешелүү жер участогун Кадыркулов Кушбак Сатыбалдиевичтин турак-жай багытындагы жер участогун алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн 30.06.2003-жылдагы №107-токтому Мырзаматов көчөсүнүн жамаатына Мечит куруу үчүн жер аянты ажыратылып берилген, бирок бул жер аянтына Өсөр айылынын тургуну Кадыркулов Кушбак Сатыбалдиевич турак жай куруп алган жана Кадыркуловго ажыратылып берилген жер аянтына мечит салынып калгандыктан, жер участокторун алмаштырып максаттуу пайдалануу максатында
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т. Зулпуев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. №5-05-09-1007-0191 сандуу идентификациялык код берилген жер участогунда жашап жаткан Кадыркулов Кушбак Сатыбалдиевичтин жер участогу менен №505-09-1007-0506 идентификациялык код берилген жер участогу мечитке тиешелүү жер участкасына алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Бакиров |