Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы № 11/IV–5
Кайыңды шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө Кодексинин” 20 – беренесине ылайык балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө аткарылган иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2012 – жылдын 10 – июлундагы № 100 “Балдар жөнүндө Кодексинин” 20 – беренесинин негизинде жана Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө Кодексинин” 20 – беренесине ылайык балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө аткарылган иштер жөнүндө”маалыматын угуп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө Кодексинин” 20 – беренесине ылайык балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө аткарылган иштер жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |