Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 22
Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин депутаттарынын
этика Кодексин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин депутатынын наамынын коомдогу социалдык маанисин жана авторитетин жогорулатуу, депутаттын шайлоочулар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана физикалык жактар менен болгон мамиледе, сүйлөгөн сөзүндө алардын жергиликтүү кеңештеги ишине карата депутаттык этиканын эрежелерин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын Типтүү Этика Кодекси жөнүндө» №01-25/328 буйругуна ылайык, айылдык Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-январындагы корутундусун угуп чыгып жана Миң-Булак айыл аймагынын туруктуу комисиясынын төрагасы Б.К.Саркуловдун маалыматын талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин депутаттарынын Этика Кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин депутаттары өзүнүн милдеттерин аткарууда Кеңештин депутаттарынын Этика Кодексин жетекчиликке алсын.
3. Кеңештин жооптуу катчысы бардык депутаттарды Этика Кодексин кол койдуртуп тааныштырсын.
4. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин этика, регламент жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Асадова А.К. |