Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №1
СУУТАШ”, “Вертекс Голд Компани”, “САФПЛАСТ” ЖЧКлардын кайрылууларын кийинки сессияга калтыруу жөнүндө
“СУУТАШ” ЖЧКсынын башкы директору И.П.Игнатаевдин 08.03.2024-жылдагы №25/1, Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 06.06.2024-жылдагы №01-19/335, 01-19/344 чыгыш сандуу “Вертекс Голд Компани” жана “САФПЛАСТ” ЖЧКларынын кайрылууларынын негизинде жазылган катын карап чыгып, жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында алтын кенин казып алуу үчүн “СУУТАШ”, “Вертекс Голд Компани”, “САФПЛАСТ” ЖЧКлардын кайрылуулары ар бир ЖЧКнын өкүлдөрү керектелүүчү документтери менен сессияга катышсын. Кезектеги IV сессияга келген кайрылуулары кийинки сессияга калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |