Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-марты № 7-2 Атамерек айылы
. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесине караштуу Алмалык бөлүмүнө айыл макамын бекитип берүү жөнүндө
Т. Зулпуев айыл аймагынын Алмалык бөлүмүнүн айыл макамы жок болгондугуна байланыштуу Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-мартындагы чыгыш №0119/730 сандуу катын карап чыгып талкуулап, Алмалык бөлүмүнүн социалдык – экономикалык инфроструктурасын өнүктүрүү максатында Т. Зулпуев айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т. Зулпуев айыл аймагына караштуу Алмалык бөлүмүнө айыл макамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Макам алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын..
Төрага |
М.Бакиров |