Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 12-декабры № 1-М
2023-жылдын 28-декабрындагы №267-б “Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 66-беренесине ылайык, 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна жана 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Жобосунун 13-пунктуна таянып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 267-б “Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке каттоо жана аны жүргүзүү тартибинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
«91. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерели Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана чет элдик жарандар асырап алган балдарды консулдук эсепке каттоону жүзөгө ашырат.
“Консулдук эсеп” АМС мындай балдар жөнүндө маалыматтарды алуу чектелүүгө жана функционалдык милдеттерине балдардын ушул категорияларын эсепке алуу кирген консулдук кызмат адамына гана берилүүгө тийиш.
Чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынган Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды консулдук эсепке алууда консулдук кызмат адамы тарабынан “Консулдук эсеп” АМС толтурууда асырап алуучулардын төмөнкү документтери талап кылынат:
1) асырап алынган баланы консулдук эсепке тургузуу жөнүндө арызга баланын 2 фотосүрөтүн тиркөө менен;
2) асырап алуу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
3) баланын асырап алынгандыгын аныктоо жөнүндө сот чечиминин көчүрмөсүн;
4) баланы жана асырап алуучуларды күбөлөгөн документтердин көчүрмөлөрүн.
Асырап алынган баланы консулдук эсепке тургузуу жөнүндө арыздын негизинде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), туулган датасы жана жери;
- жарандыгы;
- иштеген жери жана кызматы жөнүндө (иштегендер үчүн), же болбосо иш чөйрөсү жөнүндө маалыматтар;
- келген өлкөдөгү туруктуу же убактылуу жашаган дареги;
- байланыш маалыматтары: мобилдик, үй жана жумуш телефондорунун номерлери, электрондук почтанын дареги;
- колдонуудагы документтердин маалыматтары, өздүгүн тастыктоочу (номери, берилген күнү, жарактуулук мөөнөтү, документти берген орган);
- байланыш үчүн кошумча адамдын маалыматтары (фамилиясы, аты, байланыш телефону, электрондук почтасынын дареги, тууганчылык даражасы же асырап алуучулар менен башка байланыш).».
2. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
3. Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
- ушул буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө тейлөөчү Министрдин орун басары А.К. Имангазиевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри |
|
Ж.М. Кулубаев |