Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-марты № 7-3 Атамерек айылы
Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Кашкалдак айылындагы Баарын бөлүмүнүн жайыт категориясында турган №552 контурда жайгашкан 0,10га жер аянтын “Суу фондунун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылынын Баарын бөлүмүндөгү жайыт категориясында турган №552 контурда жайгашкан 4,4га жер аянтынын ичинен 0,10га жер аянтын “Суу фондунун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү сунушун карап чыгып Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылынын Баарын бөлүмүндөгү жайыт категориясында турган №552 контурда жайгашкан жалпы аянты 4,4га жер аянтынын ичинен 0,10га жер аянтын “Суу фондунун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин. 2. Ушул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |