Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы № 12/IV–6
Кайыңды – Бишкек каттамы боюнча коомдук транспорттун тарифин төмөндөтүү жөнүндө
Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын 2024 – жылдын 22 – ноябрындагы № 210 катынын негизинде, Кайыңды – Бишкек маршруту боюнча коомдук транспорттун тарифин арзандатуу жөнүндө» Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып, Бишкек шаарынын Батыш автобекетинин Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Фрунзе көчөсү, 13б дареги боюнча жайгашкан Ак-Кула ат майданына убактылуу көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13 - ноябрындагы № 726 токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2024 – жылдын 29-августундагы №151 токтомунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 271 токтомунун негизинде, Кайыңды – Бишкек – Кайыңды каттамы боюнча каттаган коомдук транспорттор үчүн жаңы автобекетке чейинки аралык 12,5 чакырымга кыскарган, бирок эң керектүү продукцияга, күйүүчү-майлоочу майларга, автотетиктерге баанын жогорулашына байланыштуу, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 - беренесинин, 27 – беренесинин 12 – пунктунун, 34 – беренесинин 1-пунктунун негизинде, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 – беренесинин 2-пунктунун негизинде жана “Жумадил” ЖЧК жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча № 329 Кайыңды – Кара – Балта каттамына 40 сом ченемин карап берүүнүздү суранабыз” деген ЖЧК “Жумадилдин” кайрылуусун карап чыгып, талкуулап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайынды - Бишкек маршруту боюнча коомдук транспортко тариф бир адамга бир тарапка 80 сом өлчөмүндө өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Кайыңды – Кара – Балта № 329 каттамынын жол кире акысы бир адамга 40 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У.Б. Абдрасулов |