Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №5
Ак-Тон-Трейд” ЖЧКсына кошумча тушкөн акча каражатынан кошумча акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 07.06.2024-жылдагы №01-19/394 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Базар айылындагы МТС гаражынын имаратын күрөш зал кылып оңдоодо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кобинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай- комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун 15.12.2022-жылдагы №АГ-2пр буйругунун негизинде жаңы конфцент менен эсептелинсин. Кошумча акча каражаттары түшкөн убакта, эсептелинген акча каражаты сессияга сунушталсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |