Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025-жылдын 29 - октябры № 3-д буйругуна |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин
системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
ТИЗМЕГИ
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөнкү, ортоӊку, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
Функциянын тиби: Тармак саясатын иштеп чыгуу (функциянын тиби: жөнгө салуу) | |||||||
1 | Республикалык бюджеттин жана байланышты, санариптештирүүнү жана электрондук башкарууну өнүктүрүүгө каралган башка булактардын каражаттарын башкы тескөөчүнүн жана алуучунун функцияларын ишке ашыруу | - финансылык каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алууда белгилүү бир мамлекеттик органдын кызыкчылыктарын лоббирлөө; - бөлүштүрүүнүн ачык-айкын жол-жоболорун сактабоо. | потенциалдуу | төмөнкү | санарип экономиканы ишке ашырууга республикалык бюджеттен каралган финансылык каражаттарды бөлүштүрүү боюнча СӨИТМдин комиссиясы | комиссиянын мүчөлөрү | жок |
Функциянын тиби: Тармак саясатын ишке ашыруу (функциянын тиби: контролдоо жана көзөмөлдөө) | |||||||
2 | Күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнү жүзөгө ашырат, анын ичинде аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан ушул күбөлөндүрүүчү борборлор аккредиттелген шайкештик талаптарынын сакталышын текшерүү | - күбөлөндүрүү борборлорун аккредиттөөдөн өткөрүүдөгү сүйлөшүү, ал текшерүү жүргүзүү учурунда аныкталган бузууларды жашырууга алып келиши мүмкүн; - кызыкчылыктардын кагылышуусу (чечим кабыл алган адамдардын текшерилип жаткан борборлор менен жеке байланышы болушу мүмкүн). | потенциалдуу | төмөнкү | СӨИТМдин күбөлөндүрүүчү борборлорун аккредитациялоо боюнча комиссиясы, КККАБ КЭКБ | комиссиянын мүчөлөрү | жок |
3 | Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жаатындагы мыйзамдарына ылайык лицензиялоо | - арыз берүүчүлөргө жана байланыш операторлоруна консультация берүүдө сүйлөшүп алуу же бир жактуулук кылуу мүмкүнчүлүгү; - лицензияны берүү мөөнөтүн тездетүү. | потенциалдуу | ортоӊку | БТЖККнын Уруксат берүүчү документтер башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмү | бөлүмдүн башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдик лицензиялык-уруксат берүү тутуму жаатында ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
4 | Радиоэлектрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берүү | - радиоэлектрондук каражат/жогорку жыштыктагы түзүлүш белгиленген талаптарга жооп бербесе дагы, оң эксперттик корутунду берүү; - экспертиза жүргүзүү мөөнөтүн кыскартуу; - кошумча документтерди талап кылуу; - эксперттик корутунду берүүнү негизсиз кечиктирүү. | кырдаалдык | төмөнкү | БТЖККнын сертификаттоо бөлүмүнүн эксперттик корутундулар сектору, сертификаттоо бөлүмү | бөлүм башчысы, сектор башчысы, башкы адис | жок |
5 | Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларынын ишин текшерүү | - лицензиаттар менен тил табышуу; - текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу (укук бузуулар тууралуу протокол түзбөө); - кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу). | потенциалдуу | жогорку | БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү | бөлүм башчысы, жетектөөчү адис, адис | жок |
Функциянын тиби: Координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү (функциянын тиби: контролдоо жана көзөмөлдөө) | |||||||
6 | Электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүү жүргүзүү | - алдын ала тандалма тандоо — уюмдарды киргизүү/чыгаруу; - сый акы үчүн же жеке кызыкчылыктан улам аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу; - мыйзам бузуулар жөнүндө протоколдорду/корутундуларды түзбөө. | кырдаалдык | төмөнкү | КККАБ КЭКБсы КР УКМК менен биргелешип | бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис | УКМК |
7 | Мекеменин иш кагаздарынын номенклатурасын Эксперттик-текшерүү методикалык комиссиясы (ЭТМК) менен макулдашуу | ЭТМК менен макулдашуу мөөнөттөрүн тездетүү | кырдаалдык | ортоңку | Эксперттик-текшерүү методикалык комиссиясы (ЭТМК) | комиссиянын мүчөлөрү | жок |
8 | Мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды кайра уюштурууда жана жоюуда архивдик документтерди сактоо шарттары жана орду жөнүндө корутундуларды берүү | - ырастаган негиздерсиз корутундуларды берүү | системалуу | ортоңку | Мамлекеттик архивдер (борбордук архивдер, аймактык башкармалыктар, шаардык, райондук) | архивдин начальниги, башкармалыктын начальниги | жок |
9 | Документтердин сакталышын камсыздоо | - айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн сакталып турган документтерди алмаштыруу (бурмалоо) жана жок кылуу тобокелдиги болушу
| системалуу | жогорку | Архив кызматынын мамлекеттик архивдеринин документтердин сакталышын камсыздоо бөлүмү, суроо-талаптарын аткаруу бөлүмү, мамлекеттик архивдер, региондук башкармалыктар | сактагычтын башчысы; фонддордун башкы сактоочусу, бөлүм башчысы, бөлүм архивисти; архивдин начальниги, башкармалыктын начальниги | жок |
10 | Кызматтык иликтөөлөрдү жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү | - аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу же сый акы үчүн белгилүү бир чечим кабыл алуу; - мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге карата "катуу" жана "жумшак" тартиптик жаза чараларын колдонуу; - кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө билдирбөө. | потенциалдуу | ортоӊку | ЧАКИИБ, СӨИТМдин, Архив кызматытынын, БТЖККнын кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча комиссиялары | башкармалыктын начальниги, башкы инспектор, улук инспектор, инспектор, комиссиянын мүчөлөрү | бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
11 | Кыргыз Республикасынын аймагына радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, радиожыштыкты нурландыруучу же электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган техникалык каражаттарды алып келүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу | - арыз ээлеринин партиясын карап чыгуудагы жана продукцияны тандап алуудагы макулдашуу тобокелиги; - айрым арыз берүүчүгө карата маселени кезексиз тартипте чечүү мүмкүнчүлүгү; - МамСТ белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда оң протокол берүү тобокелдиги. | кырдаалдык | төмөнкү | БТЖККнын сертификатоо бөлүмүнүн эксперттик корутундулар сектору, сыноо лаборатория башкармалыгы | бөлүм жана сектор башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис, башкармалыктын начальниги | жок |
12 | Радио каражаттары орнотулган жерлерде радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык параметрлерин контролдоо | - лицензиаттар менен тил табышуу; - аныкталган бузууларды жашыруу - жол берилген бузуулар жөнүндө (бузуулар аныкталган болсо) актыларды жана текшерүү барактарын түзбөө; - кызыкчылыктардын кагылышуусу (текшерүүнүн жыйынтыгында жеке кызыкчылыктын болушуна жол берүү) | потенциалдуу | ортоӊку | БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү | бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | жок |
13 | Байланыш жаатындагы мыйзамдардын сакталышына лицензиялык контролдоону жүзөгө ашыруу | - лицензиаттар менен көмүскө сүйлөшүү; - лицензиат тарабынан жол берилген аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу жана мыйзамдарда каралган тиешелүү чараларды көрбөө; - кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу). | системалуу | жогорку | БТЖККнын контролдоо жана көзөмөлдөө бөлүмү | бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | жок |
14 | Радио тоскоолдуктарды же санкцияланбаган сигналдарды аныктоо жана четтетүү, колдонуучуларга ар кандай радио тоскоолдуктарды азайтуу жана бөгөт коюу боюнча талаптарды коюу | - аныкталган мыйзам бузууларды сый акы үчүн жашыруу; - өлчөөлөрдүн жана протоколдордун жыйынтыктарын бурмалоо; - негизсиз же ашыкча талаптарды коюу мүмкүнчүлүгү; - ар кандай колдонуучуларга талаптарды колдонууда "тандалмалуулук". | кырдаалдык | ортоӊку | БТЖККнын Радиобайланыш башкармалыгы, Радиобайланыш башкармалыгынын радиомониторинг бөлүмү, түштүк региону боюнча Радиомониторинг башкармалыгы, чыгыш региону боюнча Радиомониторинг башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | жок
|
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү функциялар | |||||||
15 | Жеке жана юридикалык жактардын социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо-талаптарын аткаруу | - суроо-талаптарды кезексиз аткаруу; - ачыкка чыгарылбай турчу купуя маалыматты берүү.
| системалуу | ортоңку | Архив кызматынын мамлекеттик архивдеринин суроо-талаптарын аткаруу бөлүмү, мамлекеттик архивдер, региондук башкармалыктар | Архивдин начальниги, башкармалыктын начальниги, суроо-талаптарды аткаруу бөлүмүнүн архивисттери | жок |
16 | Улуттук номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү | - айрым лицензиатка карата кезексиз тартипте чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү; - арыздарды кароо мөөнөтүн пайда табуу максатында создуктуруу; - кызмат көрсөтүүдөн негизсиз баш тартуу; - кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу). | кырдаалдык | төмөнкү | БТЖККнын Уруксат берүүчү документтер башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмү | бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | жок |
17 | Байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радиожыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электрмагниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификатын берүү | - партияны карап чыгууда жана арыз ээсинин продукциясын тандап алуудагы көмүскө макулдашуу; - айрым арыз берүүчүгө карата маселени кезексиз тартипте чечүү; - кызыкчылыктардын кагылышуусу (жеке кызыкчылыктын болушу) | кырдаалдык | ортоңку | БТЖККнын сертификаттоо бөлүмү | бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | жок |
18 | Лицензияны жана уруксатты берүү, кайра тариздөө, токтото туруу, кайра жаңыртуу, токтотуу, лицензияны, уруксатты жокко чыгаруу үчүн сот органдарына материалдарды жөнөтүү | - кезексиз же белгиленген тартипти бузуу менен уруксат алуу; - сый акы үчүн арыздарды жөнөкөйлөтүлгөн (формалдуу) кароо; -узартууга жасалма тоскоолдуктарды түзүү; - токтотуу үчүн негиздерди тандалма колдонуу; – арыз ээсине мыйзамсыз пайда алуу максатында кысым көрсөтүү куралы катары токтотуу жол-жоболорун колдонуу. | кырдаалдык | ортоңку | БТЖККнын Уруксат берүүчү документтер башкармалыгы, Уруксат берүүчү документтер башкармалыгынын радиоэлектрондук каражаттарды эсепке алуу бөлүмү | башкармалыктын начальниги, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | жок |
Башка функциялар | |||||||
19 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн мамлекеттик сатып алууларды жана тендерлерди ишке ашыруу | - үчүнчү жактарга жабык маалыматтарды берүү; - мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө Комиссиянын мүчөсүнүн жашыруусу; - өтүнмөлөрдү баалоодо жана салыштырууда жеткирүүчүлөргө негизсиз преференцияларды берүү; - комиссия мүчөлөрүнүн сүйлөшүп алышы; - конкреттүү жеткирүүчүнүн спецификацияларына ылайык документтерди даярдоо. | потенциалдуу | ортоңку | ФЭПБ МСС, БТЖККнын пландоо, финансы жана эсепке алуу башкармалыгы, Архив кызматынын уюштуруу - кадр иштери, укуктук жана документтер менен камсыздоо бөлүмү, техникалык тапшырманы иштеп чыгууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр.
| Башкармалыктын начальниги, бөлүм жана сектор башчылары, башкы адис, адис, комиссиянын мүчөлөрү | бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
20 | Кадрлар резервин түзүү | - кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды (протекционизм, үйбүлөчүлдүк) берүү; - кадрлар резервине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууда белгилүү бир адамдын кызыкчылыктарын лоббирлөө. | потенциалдуу | ортоңку | СӨИТМдин, БТЖККнын, Архив кызматынын конкурстук комиссиясы | конкурстук комиссиянын мүчөлөрү | бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
21 | Кызматка дайындоо жана көтөрүү | - бош кызматка квалификациялык талаптарга жооп бербеген кызматкерлерди дайындоо. | кырдаалдык | төмөнкү | АРББ, БТЖККнын кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү, Архив кызматытын уюштуруу-кадр иштери, укуктук жана документтер менен камсыздоо бөлүмү
| бөлүм башчы | бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
22 | Ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктарды алуу үчүн материалдарды түзүү жана кароо. | - тиешелүү талаптарга ылайыктуу стажы жок кызматкерди ведомстволук сыйлыкка көрсөтүү боюнча сунуш киргизүү; - кызматкердин тартиптик жазаларын жана башка жаманатты кылуучу маалыматтарды жашыруу; - сыйлыкка көрсөтүү материалдарын кароодо комиссия мүчөлөрүнүн сүйлөшүп алышы; - негизсиз баш тартуу ыктымалдыгы. | кырдаалдык | төмөнкү | СӨИТМ АРББ, сыйлыктар боюнча комиссия | башкы адис, жетектөөчү адис, комиссиянын мүчөлөрү. | бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
23 | Соттордо жана укуктук маселелерди кароодо кызыкчылыктардын өкүлчүлүгү | - сот процессинин кызыкдар катышуучулары менен тил табышуу мүмкүнчүлүгү; - мыйзамдарга ылайык СӨМдүн иши боюнча доо иштерин белгиленген мөөнөттө жүргүзбөө. | кырдаалдык | ортоңку | УКБ СМДЭБ, БТЖКК укуктук камсыздоо бөлүмү, Архив кызматынын уюштуруу - кадр иштери, укуктук жана документтер менен камсыздоо бөлүмү | бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
24 | Мамлекеттик бюджеттин эсебинен чет өлкөлүк иш сапарларга делегациялардын курамын түзүү жана бекитүү. | - иш сапардын максаттарына тиешеси жок, иш-чаранын квалификациялык талаптарына жооп бербеген же катышуучулардын зарыл болгон санынан ашкан адамдарды иш сапарга кошуу. | кырдаалдык | ортоңку | ЭКБ, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр | башкармалыктын начальниги жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери | бул тобокелдик ушул чөйрөдө ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
25 | СӨИТМде жана анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде МК боюнча ички саясаттардын, стандарттардын, регламенттердин жана нускамалардын киргизилишине жана сакталышына контролду жүзөгө ашыруу | - МК саясаттарынын жана регламенттеринин сакталышына формалдуу же тандалма контроль (теңчилик принцибин бузуу үчүн шарттарды түзүү); - аныкталган мыйзам бузууларды төмөндөтүү жана текшерүүнүн натыйжаларын бурмалоо. | кырдаалдык | төмөнкү | КККАБ КЭКБ | бөлүм башчы, башкы адис, жетектөөчү адис | жок |
26 | Купуя иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүдө, жашыруун документтер менен иштөөдө купуялык режимин камсыз кылуу | - жашыруун материалдарды уруксатсыз көчүрүү же өткөрүп берүү; - жашыруун, кызматтык маалыматтын чыгып кетиши; - жашыруундуулук режимин бузуу фактысын жашыруу. | кырдаалдык | төмөнкү | ККАБнын биринчи сектору | сектордун башчысы, башкы адис | Ооба, режимдик-жашыруун бөлүмдөрү бар мамлекеттик органдарда |
27 | Күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ)камсыздоо жана пайдалануу | - КММди негизсиз же ашыкча чыгымдоо, билдирмелердин көлөмүн жана лимиттерди жогорулатуу, - кызматтык транспортту иш жүзүндө колдонбостон күйүүчү майды жалган эсептен чыгаруу. | кырдаалдык | ортоңку | АЧБ | бөлүм башчысы | Ооба, кызматтык транпорт пайдаланылган жана аны күтүүгө каражат бөлүнгөн мамлекеттик органдарда |
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
СӨИТМ – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги;
ФЭПБ – СӨИТМдин Финансы-экономикалык пландоо башкармалыгы;
КККАБ – СӨИТМдин Корпоративдик коопсуздук жана коррупциянын алдын алуу башкармалыгы;
ЧАКИИБ– СӨИТМдин Чечимдерди аткарууну контролдоо жана инспекциялык иштер башкармалыгы;
ЭКБ – СӨИТМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгы;
КЭКБ – СӨИТМ КККАБдын Киберкоопсуздук жана электрондук колтамга бөлүмү;
МСС – СӨИТМ ФЭПБнын мамлекеттик сатып алуулар сектору;
УКБ СМДЭБ – СӨИТМдин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын сот маселелери боюнча жана документтерди экспертизалоо бөлүмү;
АРББ – СӨИТМдин адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмү;
Биринчи сектор – СӨИТМ КККАБнын биринчи сектору;
АЧБ – СӨИТМдин административдик чарба бөлүмү;
УКМК – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
Архив кызматы – СӨИТМге караштуу Архив кызматы;
БТЖКК - СӨИТМге караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы.