Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 3
Ноокат шаар мэриясы мекемесине 2024-жылдын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүңдө
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаар мэриясы мекемесине Муниципиалдык менчик департаментинин 2024-жылга үнөмдөлгөн 3111-беренесинен акча каражатынын эсебинен 3111-беренесине Атайын ( спец ) техника (көтөргүч манипулятор) 4900 000 (Төрт миллион тогуз жүз миң сом) акча каражаты ) которуу менен бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Эгембердиев |