Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 4
Ноокат шаар мэриясы мекемесине 2024-жылдын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүңдө
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы Муниципиалдык менчик департаментине Ноокат шаар мэриясынын бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинен 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы Муниципиалдык менчик департаментине үнөмдөлгөн 3111 беренесинен 2214 беренесине күйүүчү майга 200 000 (Эки жүз миң сом ) , Ноокат шаарынын Т.Кулатов көчөсүндөгү арыктагы суунун агымын иретке келтирүү үчүн 40м.түтүк, 150 м. чоң лоток, цемент сатып алууга 400 000 (Төрт жүз мин сом) 2221- беренесине, Автобекет ,Чечме-Сай каналынын реконструкциясына, ички жолдордун ремонтуна проект жасатуу үчүн 2215- беренесине 800 000 (сегиз жүз миң сом) акча каражаты которуу менен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшыры.
Төрага |
М.Эгембердиев |