Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 5
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” МИна 2024-жылдын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүңдө
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын отказандарын жана дубалдарын сырдоо, тосмолорун оңдоп түзөөгө 2024-жыдын үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен керектелүүчү ар түрдүү чыгымдарга 868, 600 ( сегиз жүз алтымыш сегиз миң алты жүз сом) акча каражаты үнөмдөлгөн 2224-беренесинен 2512 субсидия беренесине которуу менен бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшыры
Төрага |
М.Эгембердиев |