Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 6
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо”МИна 2024-жылдын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүңдө
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаар мэриясы мекемесинин алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын 2024-жылга карата 2224-беренесинен Ноокат РЭТтен электр энергиясынын карызын төлөөгө үнөмдолгөн акча каражатынын эсебинен 500 000 (Беш жүз мин сом) 2512 беренесине которуу менен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Эгембердиев |