Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 7
Ноокат шаар мэриясынын жаңы-жылдык балатыны куруу жана жасатуу үчүн 2024-жылдын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүңдө.
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаар мэриясы мекемесинин 2024-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынан жаңы-жылдык балатыны куруу жана жасатуу үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сом 708-бөлүмүнүн эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Эгембердиев |