Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-декабры № 8
Ноокат шаарын аралап өткөн Ош-Ноокат-Исфана эл аралык маанидеги жолундагы айлампа жер үстүнөн курулуучу өтмөктүн долбоордук сметалык документтерин даярдоодо , Башкы институту инженердик аукционердик изилдөөлөр “Кыргыз ГИИЗ” коомунун ачык Ош филиалына 2024-жылдын үнөмдөлгөн акча каражатынын акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинде үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаарын аралап өткөн Ош-Ноокат-Исфана эл аралык маанидеги жолундагы айлампа жер үстүнөн курулуучу өтмөктүн долбоордук сметалык документтери бүтүп калгандыгына байланыштуу инженердик изилдөөлөрдү (инжинерные изыскание) даярдоо үчүн Башкы институту инженердик аукционердик изилдөөлөр “Кыргыз ГИИЗ” коомунун ачык Ош филиалына 2024-жылдын 704 91 бөлүмүнөн 2215 үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебиненн 150, 000 (бир жүз элүү мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин .
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсынн.
Төрага |
М.Эгембердиев |