Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С. Дүмүровдун
билдирүүсүн кароо жөнүндө.
2024-жылдын 24-Декабры №2-13
Араван районунун борборунда автоунаа тыгындарын жоюуу максатында Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндөгү бузуулардын натыйжасында бошогон муниципалдык жер аянтына жаңыдан курулган унаа токтотуучу жайга кирүүчү унаалардан алынуучу кызмат акысын белгилөө жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун билдирүүсүн угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Араван айылынын Б.Айдаров көчөсүндөгү бузуулардын натыйжасында бошогон муниципалдык жер аянтына жаңыдан курулган унаа токтотуучу жайга кирүүчү унаалардан алынуучу кызмат акысы бир унаага 20 (жыйырма) сомдон болуп белгиленсин.
2. Жаңыдан курулган муниципалдык унаа токтотуучу жай бардык талаптарга жооп берүүсүн камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровго жүктөлсүн.
Төрага М.И.Мамитов